Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:40

Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети дебюрократизация жараянынын алкагында аймактардагы маданият үйлөрү менен китепканаларды реформалоо тууралуу тескеме кабыл алды.

Ага ылайык, сакталууга тийиш деп эсептелген китепканалардын башкалары кайра уюштурулат, же жоюлат.

"Заманбап маалыматтык технологиялар өнүгүп, санариптик ресурстардын тез өскөн шартта айрыкча айыл жергесиндеги китепканалар олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. Бюджеттик каражатты үнөмдүү пайдалануу, калкка маалыматты жеткиликтүү кылуу максатында китепкана тармагын оптималдаштыруу чараларын көрүү зарылдыгы келип чыкты. Ушул эле тескеме менен райондук маданият үйлөрүн жана айылдык клубдарды реформалоо каралган. Бул максатта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине типтүү көп функциялуу маданий борбордун концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди",-деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Кыргызстанда аймактардагы китепканалар каралабай калганы, маданият үйлөрүн абалы, шарты начардыгы тууралуу нааразылыктар айтылып келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG