Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:22

Туманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаар четине көчүрүлөрүн айтты


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаардын сыртына, Көк-Жарга чыгарыларын билдирди.

Ал бул тууралуу 23-июлда Эне-баланы коргоо улуттук борборунун оңдоп-түзөтүүдөн өткөндөн кийинки абалын көрүү үчүн барганда айтты.

“Азыр биз медициналык шаарчанын курулушун баштап жатабыз. Ооруканалардын баары ошол жакка, Көк-Жарга көчөт”,-деди Туманбаев.

Ал курулуштун чоо-жайы тууралуу мындан башка кеңири маалымат берген жок.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бейтапканалардын дээрлик баарын шаардын сыртына көчүрүү долбоору бар экенин маалымдаган. Анда медициналык шаарча Кара-Жыгач айылына жакын жердеги 100 гектардан ашык жерге салуу каралып жатканы белгилүү болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG