Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

Украин-орус диалогун улантуу аракети, Трамптын чегерген мөөнөтү


Украина жана Орусия делегацияларынын сүйлөшүүлөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп келе жатат. Архив сүрөт. 2025-жылдын июнь айы.
Украина жана Орусия делегацияларынын сүйлөшүүлөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп келе жатат. Архив сүрөт. 2025-жылдын июнь айы.

Украинанын жана Орусиянын делегацияларынын кезектеги бетме-бет жолугушуусу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп эгер Москва сентябрь айы башталганга чейин Киев менен мунасага келишпесе Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизилерин айтып шарт койгондон берки сүйлөшүүлөрдүн кезектеги (үчүнчү) айлампасы болот. Биринчи жолугушуу 16-майда өткөн.

Украин президенти Владимир Зеленский жолугушуу 23-июлда Стамбулда өтөрүн билдирген.

Кремль так дата жарыялай элек, бирок Орусиянын мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги сүйлөшүүлөр 24-июлга пландалып жатканын өз булактарына таянып жазган.

Айрым маалымат булактары жолугушуу 25-июлда өтөрүн жазып жатышат.

Украин жана орус делегацияларынын Түркияда уюштурулуп келаткан алгачкы эки отуруму 1-2 сааттан ашкан эмес, бул жолугушуулардын натыйжасында Европадагы 1945-жылдан берки бул эң ири согушта курман болгон айрым аскерлердин сөөгүн жана туткунга алынгандардын бир тобун бири-бирине өткөрүп берүү гана макулдашылган. Бирок кеңири масштабдуу тынчтык келишими турсун, эч болбогондо атышууну токтото туруу жөнүндө да кеп болгон эмес, мындайга орус тарап каршы.

Эки тарап өз позицияларын жазып, бири-бирине тапшырган меморандумда да аймактык бүтүндүктөн тартып коопсуздукка чейинки негизги маселелер боюнча кыйла карама-каршылык болгон. 21-июлда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн позициялары дагы деле "таптакыр карама-каршы" экенин айтты.

Кезектеги сүйлөшүүлөрдөн да, талдоочулардын пикиринде, үмүт аз.

"Туткундагыларды айырбаштоо сыяктуу ыктымал келишимден тышкары эч нерсе деле кабыл алынбайт го деп боолгоп жатам. Киев же Москва өзүлөрүнүн негизги позицияларын өзгөрткөндөй боло элек", - деди Эл аралык мамилелер боюнча европалык кеңеш (ECFR) уюмунун улук илимий кызматкери Кадри Лийк.

"Саясий оюн"

"Киев да, Москва да Украинага курал-жарак бербесе да, аны сатууга даярдыгын билдирип, 50 күндүк мөөнөт койгон АКШга өз ара сүйлөшүүлөргө даяр экенин (кандайдыр бир тоскоолдук жаралса бул үчүн бирин бири айыптап) көрсөтүүгө аракет кылып жатышат, — деген ою менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Эл аралык кризистик топ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын директору Ольга Оликер бөлүштү.

Лондондогу Kings Russia институтунун профессору, Европалык саясат талдоо борборунун демократиялык туруктуулук маселелери боюнча директору Сэм Грин да ушундай эле көз карашта:

"Менимче, ачык айтканда, Трамптын администрациясынын бул процесстеги тигил же бул көз карашынын жана тараптардын бири да анын жакшы ниети деп атап жаткан мамилесинен ажырап калбоо аракетинин айланасында саясий оюн жүрүп жатат".

Украинадагы согушту быйыл январь айында президенттик кызматка киришкенден кийин бир-эки күн ичинде токтото аларын айтып келген Трамп соңку айларда Зеленскийди бир нече жолу сындап, тынчтыкка карай жол салынбай жатканы үчүн Киевди күнөөлөп келген болсо, акыркы апталарда Орусия президенти Владимир Путинди айыптай баштады.

Ал Орусиянын Украинанын шаар-кыштактарына жасаган соңку жапырт аба соккуларынан улам нааразылыгын билдирип, Москваны тынчтыкка карай жолдогу тоскоолдук деп атаган.

"Украин тарапка мына ушундай абалдын улана бериши жагып жаткандай. Себеби алар "Мына, биз орустар менен сүйлөшүүгө даярбыз, бирок маселе ошолордо болуп жатпайбы. Президент Трамп, сиздин алардан көңүлүңүз калып жатканы туура эле" деп айтканына ыңгайлуу болууда", - деп эсептейт Грин.

Оликердин пикиринде, Зеленский делегациялардын сүйлөшүүлөрү анын Путиндин өзү менен жолугушуусуна негиз болушу керек дегендей аракет көрүп жаткан чыгар. Белгилүү болгондой, май айындагы алгачкы сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Зеленский барып, Путин барган эмес.

Киевдин мындай ниетин Москва болушунча басып келе жатат. 22-июлда Песков "жогорку деңгээлдеги жолугушуу ыктымалдыгы тууралуу айтардан мурда өтө чоң иштер жасалашы керек болорун" белгилеп, кандайдыр бир олуттуу жылышка үмүттөнүүнүн кереги жоктугун билдирди:

"Керемет окуя болуп кетет деп үмүттөнүүнүн кереги жок — азыркы шартта андай болушу мүмкүн эмес".

"Колдон чыгып бараткан мүмкүнчүлүктөр"

Бирок бул жерде дагы бир жагдай бар — Путин сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай, уланта беримиш болуп, буга чейинки жетишкенинен да көбүрөөк ала аларына же жоготууларын азайтууга үмүттөтүп жатышы да мүмкүн.

"Орус тараптан согушту басуу турсун чабуулдарын токтотуу ниети таптакыр жоктой көрүнөт. Бирок алар Трамптын администрациясы сүйлөшүү процессинен толук чыгып кетишине да кызыкдар эмес. Ошондуктан алар эч болбогондо диалогго даяр болгудай түр көрсөтүүгө аргасыз. Антпесе Киев тарапты көздөй оогон мамиле калыптанары анык", — дейт Грин.

Ал эми Оликердин пикиринде, жалпысынан алып караганда Киев алсызыраак позицияда тургандай — Орусия жайыраак болсо да алдыга жылууда, АКШнын колдоосу так анык эмес болуп турат, башка өнөктөштө жардамын мындан ары да улантуу аракетин көрүп жатышат, бирок Кремль да өзү экономикалык жана саясий жактан кандай абалда турганын жакшы түшүнүп турат, анын үстүнө Украинанын европалык өнөктөштөрү анын багынып калышына жол бербей турганын жакшы эле көрсөтө алышты:

"Москва АКШнын Украинага курал-жаракты кайсы бир баага сатуу жолу менен болсо да берип туруу ниетин Трамптын администрациясы Украина тарапты көздөй көбүрөөк ыктагандыгынын белгиси катары кабыл алышы мүмкүн. Вашингтондун мындай мамилесинен улам Киевде көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот жана Кремль америкалык санкциялардан кооптонобу, жокпу, АКШ менен сүйлөшүп, бир пикирге келүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт".

Мындай шартта Москва "АКШнын пикири өзгөрөт, Трамп күнөөнүн кайсы бири болсо да Киевге оодарат, Украинага көбүрөөк курал-жарак жөнөтүү планын кайра карап чыгат жана сентябрда санкция жарыялоо оюнан кайтат" деп үмүттөнө гана алат.

8-июлда Трамп Путинге нааразы пикирин билдирип, бир апта соң 50 күндүк мөөнөт тууралуу шарт койгон жана Украинага Европа аркылуу Patriot батареяларынан жана башка курал-жарактан көбүрөөк жөнөтүү планы бар экенин айтып, Орусияга өтө нааразылыгын билдирген, ал тынчтыкка карай жолдогу тоскоолдук болуп жатканын белгилеген.

Ошону менен катар Трамп тынчтык келишимине 50 күн ичинде жетишүү тууралуу шартын коюу менен Украинага да таасир көрсөтүү үмүтү бар экенин айткан:

"Алар өзүн дароо күчтүү сезип, балким, келишимге барбай коюшу да ыктымал. Бул өтө татаал маселе".

Кандай болгон күндө да Трамптын Орусиядан үмүтү акталары тууралуу азырынча олуттуу белгилер жок.

21-июлда Песков Москва кезектеги сүйлөшүүлөрдү кубаттай турганын айтты, бирок "биз үчүн эң башкысы — максаттарыбызга жетүү" деп белгилеп, ал максаттар "өзгөргөн жок" деп кошумчалады.

Путин коңшу өлкөгө каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылы февраль айында баштаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG