Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:31

Стамбулдагы Орусия менен сүйлөшүүгө украин делегациясын Умеров жетектеп барат


Рустем Умеров.
Рустем Умеров.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулдагы Киев менен Москванын кезектеги сүйлөшүүсүнө бара турган делегациянын курамын бекитти. Топ президенттин кеңсесинин башчысы Александр Бевз баштаган 14 адамдан турат жана аны мурдагы коргоо министри, жакында эле Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы болгон Рустем Умеров жетектеп барат.

Бир катар басылмалар сүйлөшүүлөр 23-июлда кечинде өтүшү мүмкүн экенин жазышты, бирок азырынча так күнү, сааты анык боло элек.

Буга чейин Зеленский Киев менен Москванын түз сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы Стамбулда 23-июлга белгиленгенин билдирген. Орусиялык басылмалар дагы жолугушуу ушул күнү өтүшү ыктымалдыгын жазышкан.

Тараптар бул жолу дагы "туткундарын айырбаштоо, жарандык инфраструктуранын жана чек ара аймагындагы коопсуздук" өңдүү чектелген маселелерди талкуулайт деп болжолдонуп жатат.

Киев менен Москва май жана июнь айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө согуш туткундарынын бир нече тобун алмашууну, башка гуманитардык маселелерди макулдашкан. Бирок ок атышууну токтотуу келишими жетишилген эмес. Украин президенти бул үчүн лидерлер жолугушушу керек деп айтып келатат.

Орусия ээлеп алган аймактардан украин аскерлеринин чыгып кетишин талап кылууда. Украина бул талапты караманча четке кагып жатат.



Шерине

XS
SM
MD
LG