Түкмөндөрдүн "Аркадагы", Улуттук кеңештин башчысы Гурбангулы Бердымухамедов Баку шаарында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен 16-июлда жолугушту.
Түркмөнстандын мамлекеттик медиасы бул сапарды "эки өлкөнүн алакасынын жаңы деңгээлге чыкканынын мисалы" деп даңазалап, Баку менен Ашхабад саясий, соода-экономикалык, маданий жана парламент аралык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кабарлады.
Бул сапардын өзгөчөлүгү - Бердымухамедовду кызы Огулжахан Атабаева жандап жүрдү. Ал ошондой эле азери лидеринин тун кызы Лейла Алиева менен жолугушуу өткөрдү.
Эки лидердин кыздары тең кайрымдуулук фонддорун жетектейт. Лейла - чоң атасы Гейдар Алиев атындагы фонддун вице-президенти, Огулжахан дагы атасынын атындагы фондду кошо жетектейт.
Бердымухамедов Бакуга чейин кызын ээрчитип коңшу Өзбекстанга барган. Ташкентте Огулжахан өзбек лидеринин саясий жылдызы жанып бараткан кызы Саида Мирзиёева менен кездешкен. Саида ушул тапта президенттин администрациясын башкарат.
Өз ара алаканын жаңы форматы
Борбор Азияны иликтеген "Туран" институтунун аналитиги Брюс Панниер соңку саясий окуяларды жаңы аймактык тенденция деп сыпаттайт.
"Кыздардын дипломатиясын көрүү абдан кызыктуу. Жакында Огулжахан Атабаева Өзбекстанда Саида Мирзиёева менен, эми Азербайжанда Алиевдин кызы менен жолугушту. Бул аны Түркмөнстандын саясий системасына жигердүү катышууга даярдап жатышканынан кабар берет. Акыркы убакта ал президенттик кызматты ээлеп турган бир тууганына караганда эл алдына көбүрөөк чыга баштаганы байкалууда. Бул кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу ыктымал экендигин да көрсөтүп тургандай. Саида Мирзиёева болсо өзбек саясатында маанилүү роль ойногон фигурага айланып калды, Лейла Алиева да белгилүү адамдардын катарында турат. Мындай жолугушуулардын логикасы да айдан ачык белгилүү – бул кокустук эмес, аялдардын дипломатияга катышуусуна негизделген мамлекет аралык кызматташуунун жаңы форматы", - деп эсептейт Панниер.
Лейла Алиева да атасы Илхам Алиевди эл аралык сапарларда коштоп жүрөт – былтыр августта алар Ташкентте чогуу болушкан. Ал республиканын ичиндеги иш сапарларга дайым катышып, мекеме-ишканаларга барып турат.
Атабаева жөнүндө буга чейин дээрлик эч кандай маалымат болгон эмес. Анын күйөөсү дипломат экени, Европадагы элчиликтердин биринде иштегени гана белгилүү.
Бердымухамедовдун бул кызынын ысымы түркмөн басма сөзүндө биринчи жолу өткөн жылдын декабрь айында атасынын атын алып жүргөн фонддун вице-президенти кызматына киришип, "Аркадаг" медалы менен сыйланганы кабарланганда айтылган.
Быйылкы жылдын март айынан тартып Огулжахандын активдүүлүгү күчөдү. Ошондон бери ал эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, аймактарга байма-бай каттап жатат, аны да атасын же бир тууганын тоскондой шаан-шөкөт менен тосуп алышат.
Эл алдына көп чыга баштагандан берки алгачкы интервьюсун Атабаева Al Arabiya телеканалына берген.
Түркмөнстанды 15 жыл башкарган Гурбангулы Бердымухамедов 2022-жылы бийликти уулу 44 жаштагы Сердарга өткөрүп бергенден кийин да өлкөдө олуттуу таасирин сактап келет.
Атабаеванын жашы канчада экени белгисиз, анткени ачык булактарда бул тууралуу так маалымат жок. Бирок ал өлкө президентинен улуу, анын эжеси болушу ыктымал (Бердымухамедовдун башка балдары тууралуу иш жүзүндө эч нерсе белгилүү эмес, ар кандай маалыматтар боюнча, анын бир уулу жана эки кызы бар).
Бердымухамедовдун эл алдына кызынын коштоосунда чыга баштаганы ал кызын саясатка алып келип, үй-бүлөнүн таасирин күчөтүүнү каалап жатканы тууралуу кептерди жаратты.
Брюс Панниер да Атабаеванын позициясы жакынкы келечекте бекемделиши мүмкүн деп эсептейт:
"Бир нече сценарий болушу мүмкүн. Мисалы, ал парламенттин спикерлик кызматын ээлей алат. Бул логикалуу көрүнүш, анткени Бердымухамедов бийликке келгенден бери парламентти көбүнчө аялдар башкарып келишет. Андыктан анын бул ролго кызыгуусу түшүнүктүү".
Ал эми Атабаеванын көмүскөдөн эмне үчүн дал азыр чыгып жатканы да кызык.
"Өлкөнү Сердар башкарат. Огулжахан эмнеге керек болду? Маселе үй-бүлөлүк динамикада болушу мүмкүн. Борбор Азияда жогорку бийликтеги үй-бүлө саясатта негизги ролду ойнойт. Сердар бийликке келгенден кийин апасынын позициясын бекемдей баштады, ал эл алдына чыгууда, ардактуу наамга ээ болду ("Түркмөнстандын ардактуу килемчиси" наамына ээ болгон - ред.). Гурбангулынын өзүнүн эже-карындаштарынын таасири чектелүү бойдон турат. Огулжаханды атасы өзү сүрөп жаткандай".
Президенттердин балдарынын саясатка катышуусу Борбор Азияга мүнөздүү көрүнүш. Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали парламентти жетектейт. Өзбекстанда Саида Мирзиёева атасынын жардамчысы болсо, июнь айынын аягында анын администрациясынын башчылыгына барды.
Шерине