Президент Садыр Жапаров 21-июлда IT-технологияларынын жардамы аркылуу жасалган кылмыштарга бөгөт коюу максатында кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Бул документти Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган.
“Бул мыйзамдын максаты жарандардын банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын, мобилдик банкингин, SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүсүнө же сатуусуна жол бербөө болуп саналат. Бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт”,-деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан кабарда.
Буга чейин документ Жогорку Кеңеште каралып жатканда былтыр шылуундар интернет аркылуу 1 млрд сомдон ашык акчага алдап кеткени айтылган. Быйылкы жылдын төрт айында мындай кылмыштардын зыяны 5,5 миллион сомдон ашканы белгиленген.
Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы IT-технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 796сынын бети ачылып, калган 862 кылмыштын бети ачылган эмес.
Кыргызстанда соңку учурда интернет, телефон аркылуу шылуундарга алданып калган, ири суммадагы акчасынан кол жууган учурлар көбөйдү.
Улуттук коопсуздук комитети баштаган бир катар министрлик, мекемелер жетекчилердин атын атап кызматкерлерди алдагандар пайда болгонун маалымдашкан.
Буга чейин Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, сак болууну эскерткен.
Шерине