10-июлда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Абу-Дабиде жолугуп, ортомчуларсыз, анын ичинде Орусиясыз тынчтык келишимин талкуулашты. Тараптар кандайдыр бир макулдашууга жеткен жок, бирок биргелешкен билдирүүлөрү эки өлкөнүн өз ара сүйлөшүүлөрдү жана “ишенимди бекемдөө чараларын” улантууну каалоосун көрсөттү.
Беш жыл мурда эле абал такыр башкача эле. 2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы 44 күндүк согуштан кийин негизинен этностук армяндар жашаган, эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү катары тааныган жана эки өлкөнүн ортосундагы кастыкка негиз болгон Тоолуу Карабак жаңжалын токтотууда тараптарга Орусия президенти Владимир Путин ортомчулук кылган. Муну менен ал Москванын ортомчу катары ролун бекемдегендей болгон.
Бакудагы “Айна-Зеркало” гезитинин талдоочусу Рауф Миргадиров буларды белгиледи:
“Карабак боюнча 30 жылдан ашык жаңжалдан кийин эки өлкө азыр бири-бирине жакындап, Орусиядан алыстап баратат.
Армениянын Эл аралык жана коопсуздук маселелери боюнча институтунун талдоочусу Рубен Мехрабян да Ереван азыркы кырдаалды Москванын Арменияга болгон көзөмөлүн алсыратуу мүмкүнчүлүгү деп эсептейт деген пикирге кошулат.
«Орусия Армениянын түбөлүк кагылышта калышын каалады, ошондо Москва бизди дайыма «куткарып», анын чексиз катышуусун актап турушу үчүн. Бирок Армения талаш-тартыштарды чечип, Орусиянын таасиринен кутулууну каалайт. Бул аракет албетте, Орусияга жакпайт".
Тирешүү жана айыптоо
Айрым талдоочулар Еревандын Москва менен алакасы 2016-жылы Тоолуу Карабак үчүн Армения менен Азербайжандын ортосунда кыскача кармаш тутанган маалда начарлай баштаганын айтышат. Жаңжал Орусиянын ортомчулугу менен аяктаган. Тараптар ок атышпоо келишимине келген, бул макулдашууда Азербайжан аймактык утушка ээ болгон. Мындай жагдай армяндарда Москва өнөктөшүн колдободу деген нааразылыгын күчөткөн.
Еревандагы Аймактык изилдөө борборунун негиздөөчү директору Ричард Гирагосян: "Орусиянын позициясы жана саясаты 2016-жылдагы согуштан баштап Азербайжанга карай оой баштады», - деп эсептейт.
Эки өлкөнүн мамилеси 2020-жылдагы конфликттен кийин Баку Тоолуу Карабакты кайра өз көзөмөлүнө алганда жана Орусия кайрадан Ереванга колдоо көрсөтө албагандан кийин кескин солгундап кетти.
17-июнда Ереванда орусиялык-армениялык миллиардер Самвел Карапетян бийликти мыйзамсыз басып алууга чакырган деген айып менен камалды. Гирагосяндын баамында, муну менен армян өкмөтү келерки жылда боло турган парламенттик шайлоодо Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн алдын алууну көздөдү.
"Бул Армениянын ичиндеги Орусиянын таасирине каршы туруу аракети», - дейт ал. - Бул жигит Москванын кишиси, аны көбү Путинге жакын адам катары билишет".
Бир нече күндөн кийин, 25-июнда Ереван армян апостолдук чиркөөсүнүн белгилүү динаятчысы, архиепископ Баграт Галстанянды өкмөттү кулатууну көздөгөн деп айыптап, камакка алган.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров чиркөөгө “негизсиз кол салууларды” токтотууга чакырып, аны “армян коомунун түркүктөрүнүн бири” деп атады. Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Москваны Армениянын ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптады.
Кремлге каяша айткан бир эле Армения эмес. Баку менен Москванын мамилеси да быйыл жайында кескин начарлап кетти. Июндун аягында президент Илхам Алиев Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун Азербайжанга сапарын токтотуп, Бакудагы орус маданий иш-чараларына тыюу салган буйруктарды чыгарды.
Мындай кадам Екатеринбургда полициянын рейди маалында эки азеринин өлүмүнөн кийин жасалды. Азери алар кыйноодон улам өлгөнүн билдирди. Буга жооп катары Орусиянын бир нече жараны, анын ичинде Sputnik Азербайжан пропагандалык медиасынын кызматкерлери камалды.
Орусиянын Зангезурдагы дилеммасы
Беш жыл мурун Орусияда аймактагы таасирин сактап калуу үчүн ар кандай амбициялар бар эле.
Орусия, Армения жана Азербайжан 2020-жылы кол койгон элдешүү келишими экономикалык жана транспорттук каттамдарды калыбына келтирүүнү камтыган. Азербайжан менен Армениянын Нахчыван эксклавынын ортосундагы «Зангезур коридорун» Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы көзөмөлдөй турганы белгиленген.
Карнеги фондунун талдоочусу Кирилл Кривошеев 2023-жылы “Азаттыктын” азери кызматына: “Зангезур коридору Орусияга аймактагы таасирин сактап калуудагы башкы вариант болуп саналат”, - деп айткан.
Бирок Армения коридорду анын эгемендигине коркунуч деп санайт.
Баку менен Еревандын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жаткандыктан, Орусиянын коопсуздук кызматы Зангезур коридорун көзөмөлдөйбү, жокпу, ал маселе келишим менен бекитилеби азырынча белгисиз. Март айында Никол Пашинян келишимге кол коюлгандан кийин азери-армян чек арасында чет элдик аскерлер калбай турганын айткан.
«Кавказ жаңырыгынын» кабарчысы Вадим Дубновдун айтымында, бул кабардын азерлерге кызыгы жок:
"ФСБ (Орусиянын Федералдык копсуздук кызматы) күчтөрүн жайгаштыруу Азербайжан үчүн Карабак жаңжалы чечиле электе мааниге ээ болгон болушу мүмкүн. Бирок азыр Орусиянын таасирине караганда Армения менен түз сүйлөшүүлөр Баку үчүн пайдалуу.
Зангезурду көзөмөлдөөнүн геосаясий да тарабы бар. Бул Орто коридор деген аталыш менен белгилүү болгон жана Орусияны айланып өтүп Кытайды Европа менен байланыштырган жол.
«Зангезур - дал ушул Орто коридордун бир бөлүгү», - деп түшүндүрдү Рауф Миргадиров. - Орусия Зангезурду гана эмес, Түштүк Кавказдагы бардык кургактагы жана аба жолдоруна үстөмдүк кылууну каалайт. Бирок азыр Түркияда аймактык коопсуздукту камсыздоону колго алууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар".
Аймактагы жаңы оюнчулар
Талдоочулар Орусиянын таасири азайып баратканын айтканы менен, терең экономикалык жана тарыхый байланышты дароо үзүү мүмкүн эмес экенин эскертип жатышат.
"2022-жылы Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенден кийин аймактан Москвага экономикалык көз карандылыгы да азая баштады, - деп айткан 2023-жылы орусиялык талдоочу Кривошеев.
"Түркия Орусия үчүн негизги импорттук өнөктөш болуп калды. Көптөгөн товарлар Түркия жана Азербайжан аркылуу ташылууда. Стамбулдун кысыктары өтө маанилүү, бирок орус газы үчүн азыр Азербайжан маанилүү хаб болуп турат. Биз газды Азербайжанга сатабыз, алар андан ары Европага сатат. Бул мыйзамдуу жана санкцияга каршы эмес".
Жеймстаун фондунун кызматкери Пол Гобл Азербайжандын таасири күчөп баратканын белгилейт.
«Алиев Орусияга Азербайжанга кандай керек болсо, Азербайжанга да Орусия ошондой эле керек экенин акыры түшүндү», - дейт ал.
Ал ортодо Ереван Москвадан оолактап, Анкара менен алаканы жакшыртууга ыктап жатат. Муну менен тарыхый таарынычтарды унутуп, мамилени жөнгө салууга багыт алган сыяктуу. Июнь айында Никол Пашинян Түркияга барып, президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан.
“Армения экономикалык жактан Орусияга көз каранды, анткени тышкы рыноктор менен байланыштарыбыздын көбү Грузия жана Орусия аркылуу өтөт”, - дейт Рубен Мехрабян. - Биздин Иран менен чек арабыз ачык, бирок анын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Түрк чек арасын ачуу Армениянын Европа базарларына чыгуусуна мүмкүндүк бермек".
Ошол эле учурда Армения бардык үмүтүн Түркияга эле артпай, АКШ, Европа менен байланышын чыңдап жатканын Мехрабян белгиледи.
"Биз ЕБ жана АКШ менен кызматташтыкты жогорулатуу үчүн иштеп жатабыз. Буга чейин АКШ менен стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө хартияга кол койгонбуз. Ошондой эле узак жол экенин билип турап, Евробиримдиктин стандарттарына жооп берген жана шаркетке кирүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алдык".
Алиевдин билдирүүсү
Ал тапта Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украинаны Орусия ээлеп алган аймактарынан баш тартпоого чакырды. Бул тууралуу ал 20-июлда Шуша шаарындагы медиафорумда украиналык журналист Дмитрий Гордондун суроосуна жооп берип жатып айтты. Алиев 30 жылдан бери Тоолуу Карабак жана ага жакын аймактардын бир бөлүгүн Баку көзөмөлдөбөй калган учурду Украинадагы кырдаал менен салыштырды.
Кавказдагы эки өлкө Тоолуу Карабак маселесинен улам 30 жылдан ашуун жаңжалдашып келди. Азербайжан 2023-жылы сентябрда аймакты өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Ал жакта жашаган армян улутундагы 100 миңдей киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.
"Сүйлөшүүлөр жүргөн жылдарда... Мен ага 2003-жылдын аягынан тарта катышып келем. 17 жылдан бери көптөгөн сунуштар болду, көптөгөн жолугушуулар болду. Реалдуу жагдайды карап тил табышуу зарылчылыгы тууралуу көп билдирүүлөр болду. Андан кийин жаңы реалдуулуктарды биз жаратабыз, силер ага макул болосуңар деп чечтик. Мына ушундай болду", - деп белгиледи Алиев.
Азербайжан Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын ачык билдирип келатат.
Буга чейин Баку орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Карабакты талаштуу аймак деп атаганына нааразы болгон.
Шушада сүйлөп жатып Алиев Азербайжан былтыр кышында Азербайжан аба жолдору (AZAL) компаниясынын учагы кырсыкка учураган жагдай боюнча эл аралык сотко кайрылуу үчүн документтерди даярдап жатканын билдирди.
Компаниянын учагы былтыр 25-декабрда кырсыкка учураганда Азербайжандын бийлиги лайнер Грозныйга отурар маалда орусиялык ракетадан коргонуу системасынын актылоосуна кабылганын айтууда. Жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына бет алууга аргасыз болуп, ошол жакта кулаган.
Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман калган.