Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:00

Монгол президентинин Бишкек сапары: 13 документке кол коюлду


Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсух.
Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсух.

Бишкекте 21-июлда Кыргызстандын жана Монголиянын президенттери Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, илим жана айыл чарба өңдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн 13 документке кол коюлду.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, жолугушууда тараптар саясат, соода жана экономика, транспорт жана айыл чарба тармагын талкуулашты. Санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

"Садыр Жапаров Монголия менен ар тараптуу кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи. Бул сапар саясий диалогду мындан ары да чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берерине ишенимин билдирди. Өз кезегинде Монголиянын президенти бул сапар эки тараптуу мамилелердин 30 жылдык жолун жыйынтыктоого, жетишилген макулдашуулардын аткарылышына баа берүүгө, ошондой эле конкреттүү экономикалык мазмунга толгон кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи",-деп жазылган маалыматта.

Кол коюлган документтер:

1. Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндөгү келишими.

2. Кыргыз-монгол өкмөттөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндөгү макулдашуусу.

3. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин 2026-2027-жылдар аралыгындагы кызматташуу программасы.

4. Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Монголиянын Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосундагы жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндөгү меморандуму.

5. Эки өлкөнүн Маданият, спорт, туризм жана жаштар министрлигинин өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндөгү меморандуму.

6. Эки өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрликтеринин өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандуму.

7. Кыргызстандын президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Монголиянын Коопсуздук жаатында изилдөөлөр улуттук институтунун кызматташуу жөнүндөгү меморандуму.

8. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Монгол мамлекеттик университетинин кызматташуу жөнүндөгү меморандуму.

9. Кыргызстандын президентинин Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Монголиянын Дархан-Уул аймагынын Администрациясынын кызматташуу жөнүндөгү меморандуму.

10. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Монголиянын “Монцамэ” улуттук маалымат агенттигинин өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандуму.

11. Эки өлкөнүн Илимдер академиясынын кызматташтыгы жөнүндөгү макулдашуусу.

12. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту менен Монголиянын Илимдер академиясынын Археология институтунун кызматташуусу жөнүндө макулдашуусу.

13. Кыргыз Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Монголиянын Улуттук телекөрсөтүүсүнүн өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандуму.

Монголиянын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга 20-июлда келген.

Расмий маалыматка ылайык, быйылкы жылдын беш айында эки өлкөнүн өз ара соода алакасы 3 миллион доллардан бир аз ашкан. Бул Кыргызстандын жалпы тышкы соодасынын 0,054% түзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG