Кыргыз тарап бир нече шаар жана облустардагы миграциялык борборлордо кезек көп болуп жатканын белгилеп, кыргызстандыктар үчүн кошумча терезелерди ачууну өтүндү.
Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга алгач апрелге чейин мыйзамдашуу талабы коюлуп, кийин мөөнөт сентябрга чейин узартылган.
Кыргыз тараптын жүйөсү
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилиги сайтында кабарлагандай, министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 17-июлда Москвада Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жарандык жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо кызматынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кирилл Адзинов менен жолугушту. Анда Орусиянын “кара тизмеге” кирип калган кыргыз мигранттарынын мыйзамдашуусундагы маселелер талкууланды.
Бакыт Дарманкул уулу жолугушууда эреже жана мыйзам бузуулардын айынан бул тизмеге кирип калган кыргызстандыктар мыйзамдашууга умтулуп жатканын белгилеп, бирок ага кедергисин тийгизип жаткан тоскоолдуктар да бар экенин айтты.
“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Орусиянын ИИМинин Москва, Москва облусу жана Екатеринбург шаарларындагы миграция маселелери боюнча айрым аймактык башкармалыктарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөн болгондуктан, легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана албаган Кыргызстандын жарандарынан көптөгөн кайрылуулар түшүп жаткандыгы айтылды. Өз кезегинде Бакыт Дарманкул уулу орус тарапка ЕАЭБге мүчө мамлекет катары Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Мындан тышкары, министрдин орун басары Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жашы жете элек жарандарын көзөмөлгө алынган адамдардын реестринен чыгаруунун тиешелүү механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын көтөрдү”, – деп айтылат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилигинин билдирүүсүндө.
Билдирүүдө орус тарап Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жана кыргыз жарандарын легалдаштыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштерди кубаттаганы айтылат. Бирок алар миграциялык борборлордогу мүчүлүштүктөрдү жоюу маселесине жооп берген-бербегени такталган эмес.
Маалым болгондой, быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт сентябрга чейин узартылган.
Кыргызстандын бийлиги улам-улам кайрылуу таратып, Орусиядагы кыргыз жарандарын бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесинен” сентябрга чейин чыгып кетүүгө чакырык жасап келатат.
Аз күн мурдараак Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев бул өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарга кайрылып, мыйзамдашып алууга убакыт аз калганын эскерткен. Ал миграциялык бөлүмдөрдө кезек көп болуп жаткандыктан, Орусиянын тийиштүү мекемесине кошумча терезелерди ачуу, алардын иштөө убактысын узартып берүүнү сунуштаганын белгилеген:
“Бүгүнкү күнү Орусияда кээ бир миграциялык бөлүмдөрдө кезек көп болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Ошондон улам Орусия тарап менен жогорку жетекчилерибиздин деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларда жарандарыбызга шарт түзүп берүү боюнча өтүнүчтөрүбүздү туруктуу негизде жеткирип жатабыз. Учурда аймактык миграциялык бөлүмдөрдө кошумча терезелерди ачуу, алардын иштөө убактысын узартып берүү боюнча өтүнүчүбүздү келтирдик” – деген Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев.
Орусиянын Ички иштер министрлиги февралдын башында "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине 685 миңге жакын чет элдик жаран киргизилгенин билдирген.
Алгач анын 85 миңдейи кыргызстандык экени кабарланган болсо, майдын башына карата алардын саны 70 миңге түштү. "Кара тизмедеги" кыргыз жарандарынын бир тобу Орусиядан чыгып кетип жатышса, экинчи тобу тизмеден чыкканга аракет кылышууда.
Геолокация жана RuID тиркемеси
Баса, Мамлекеттик Дума май айында Орусияда мигранттарга талаптарды күчөткөн дагы бир катар документтер кабыл алган. Ага ылайык, мигранттар геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирилет.
Мындан сырткары 30-июндан баштап Орусияга барчу чет элдиктер 72 сааттан кечиктирбестен ал өлкөгө баруу максатын көрсөтүп, атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек.
Мигранттарды телефон аркылуу көзөмөлдөө үчүн атайын программа иштелип жатканын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин аз күн мурдараак РИА Новости басылмасындагы маегинде билдирген. Ал Орусиянын аймагына кирген мигранттар дароо сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, телефонуна атайын тиркеме орнотулуп, ал аркылуу баскан-турганы каалаган учурда текшерилерин белгилеген.
“Ошондой эле маалыматтык технологиялардын жардамы менен кирип-чыкканын, каттоого турганын талдап турабыз. Мындан тышкары, кыймылын көзөмөлдөп, шаардын ичинде кайда жүргөнүн көрүп туруу үчун миграциялык каттоонун жаңы системасы кирип жатат. Каттоо мигранттын телефону аркылуу ишке ашат”, – деген
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин.
Ыктыярдуу деп айтылганы менен бул чара Орусияга иштей турган мигранттарга милдеттүү эле болуп калчудай. Себеби, андан ары каттоодо туруп, башка уруксат кагаздарын алуу керек. Анын баары так ошол тиркеме менен байланыштуу болуп калат. Анүстүнө, тиркемеге катталбаган жаран чек арадан кирип жатканда кошумча текшерүүлөргө кабылып калышы ыктымал.
Юрист Эрлан Токтосунов мындай чаралар жеке маалыматтарды коргоо мыйзамга каршы келип, жарандардын конституциялык укугун бузарын эскертип жатат.
Орусиядагы мигранттардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган юрист Эрланбек Токтосунов соңку чараларды жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамга каршы келип, жарандардын конституциялык укугун бузарын эскертүүдө:
“Эми бул маселе мигранттын ID картасы деп коет. Бул 3 жыл мурда пайда болгон нерсе. Муну ошол ID карта менен телефондук тиркеме аркылуу мигранттын кайсы жерде болгондугу боюнча, кайсы жерде жашап аткандыгы боюнча, анын жеке турмушу боюнча, бардык нерсени көзөмөл жүргүзүү максатында жасап жатат. Бирок ошол эле нерсе, мен айтып кеткендей Орусия Федерациясынын конституциялык нормаларына карама-каршы келет. Мигранттан сурабай эле көзөмөл жургүзгөн болбойт. Мигрант ошого макулдук бериш керек. Мага көзөмөл жүргүзгөнгө макулдук берем силерге деп. Бирок мунун дагы бир жагы бар. Мигрант эгер көзөмөл жүргүзгөнгө макулдук бербеген болсо, анда Россия Федерациясынын аймагына кирбейсиң деген шарт кошуп коюшу мүмкүн”.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.
Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат. Анын ичинде иш орундарында, кафе-ресторандарда, эс алуучу жайларда, мечиттерде жана мигрантарды текшерүүлөр күчөгөн. Бул чаралар дагы уланчудай.
Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик “Азаттыкка” мындай пикири менен бөлүштү:
“Полиция тараптан зомбулук аракеттер жана текшерүүлөр жөнүндө айта турган болсом, мындай аракеттер дайыма жана тынымсыз болуп жатат. Азыр эле көбөйүп кетти деген туура эмес, текшерүүлөр биринчи жолу 2022-жылдын февралынан тартып кескин күчөп кеткен. Анда жарым жылча уланып, кайра бир аз азайган. Экинчи ирет “теракт” деп аталган окуядан кийин алардын талмасы дагы кармап калды. Азыр кайра бир аз азайды, бирок токтогон жок. Мечиттерде жана башка жайларда текшерүүлөр дайыма эле уланууда. Мунун баары Орусиянын жарандыгын алып алган мурдагы мигранттарга сабак болууда. Орусиянын жарандыгын албагыла! Азыркы шартта андан жакшылык күтпөгүлө! Кодулоо азайбайт, кайра күчөйт! Ал аз келгенсип, фронтко жөнөтөт. Украинада минага жарылып өлөсүңөр, ал силерге таптакыр керек эмес”.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.
Шерине