Израилдин армиясы жекшембиде Газанын борборундагы Дейр-эл-Балах шаарында жердеги операция баштоого даярдык көрүп жатканын билдирди. Мындан улам тургундардан эвакуация болууну талап кылган атайын билдирүү таратты.
Бул райондо 2023-жылдын октябрында башталган согуштан бери кармаш боло элек болчу.
ЦАХАЛ буга чейин согуштук аракеттер болбогон аймактарда дагы операцияларды баштарын, анын максаты АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАС тобунун жайларын жок кылуу экенин билдирди.
Дейр-эл-Балахта израилдик туткундардын кайсы бир бөлүгү кармалып турганы айтылып келген жана ХАМАСтын туткундарды өлтүрүү тууралуу коркутууларынан улам бул шаар бутага алынган эмес.
Израилде туткундардын жакындары ЦАХАЛдын аталган шаарда операция баштаганы жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти.
Газанын борборунда анклавдын башка райондорунан келген качкындар дагы башкалкалап жаткан.
Газадагы чабуулдар ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.
Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.
Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек. Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат.
Шерине