Киев шаардык аскердик администрациясы Орусиянын 21-июлга караган түндөгү чабуулунан бир адам набыт болгонун, кеминде дагы бир тургун жараат алганын билдирди.
Соккулардан адамдар убактылуу баш калкалап турган “Лукьяновск” метросунун кире бериши талкаланганы тууралуу кабарлар чыкты.
Шаардын мэри Виталий Кличко Дарницкий, Соломенский, Днепровский жана Шевченко райондору бутага алынганын, окуя болгон жерге дарыгерлердин тобу чакыртылганын, бир канча жерде өрт чыкканын айтты.
Жараат алгандар, жабыркагандар тууралуу азырынча толук маалымат бериле элек.
Дүйшөмбүгө оогон түнү Украинанын бардык аймактарында айгай жаңырып, эскертүүлөр берилди.
Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Шерине