Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

Бишкек мэриясы "маалыматтык чабуулга" кабылганына даттанды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек шаардык мэриясы социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу муниципалитетке каршы маалыматтык чабуул күчөп, каралоо жана жалган жалаа жабуу көбөйгөнүн билдирди. Айрым жарандардын кемсинткен билдирүүлөрүнөн улам укук коргоо органдарына кайрылганын маалымдады.

"Бул буйрутма экени ачык көрүнүп турат. Шаарда иштер жакшы жүрүп жатканы кээ бирөөлөргө жакпайт. Акыркы күндөрү мэрияны социалдык тармактарда каралоо, жалаа жабуу жана негизсиз сындоо күчөдү. Булардын баары уюшкан маалыматтык чабуулга окшош. Көпчүлүк терс пикир калтырган аккаунттар бош, фейк баракчалар. Айрым адамдардын кемсинтүүсү жана мыйзамсыз билдирүүлөрү боюнча укук коргоо органдары мыйзам чегинде тиешелүү иштерди жүргүзөт",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында шаардагы бир катар көйгөйлөрдөн улам айрым блогерлер, жарандар мэриянын, айрыкча мэрдин ишин ачык сындап жатышкан. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шаардын айрым райондорун кыдырганда мэр Айбек Жунушалиевдин кээ бир аракеттерин сынга алган

Президент Садыр Жапаров 11-июлда жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, "Укук бузуулар жөнүндө" кодекске өзгөртүү киргизилип, 1093-берене менен толукталган. Бул беренеде жалган маалымат таратууга айыптуу деп табылган жарандарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернетти пайдалануу менен коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузууга алып келген анык эмес (жалган) маалыматтарды таратса, эгер бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса, анда айып пул салынат. Өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдорду ички иштер органдары түзөт, иш сотто каралат", - деп жазылган президенттик администрация тараткан маалыматта.

Буга чейин "Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүү киргизилип, 1071-берене кошулган. Анда кайсы бир адамды “мазактоого, кадыр-баркын кемсинтүүгө” же “жалаа жабууга, ал жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таратууга” тыюу салынып, ага айып пул каралган. Бул мыйзамга Садыр Жапаров ушул жылдын башында кол койгон.

Кыргызстанда медиа жана журналисттерге байланыштуу кабыл алынган мыйзамдардан улам бул документтер сөз эркиндигин, медиа каражаттарынын ишмердигин чектейт, куугунтуктоого курал болот деген кооптонуулар айтылып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG