Азербайжан президентинин мурдагы күйөө баласы, ишкер Эмин Агаларов сүрөгөн, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жактырган долбоор 577 гектар аймакты ээлейт. Долбоорду сындагандар деңизге чыкпаган өлкөдө суу сактагычка жасалма деңиз жээгин түзүү ал жердин экосистемасын жана мыйзамды бузарын эскертишет.
Ташкенттин «өпкөсү»
Аптапта Чарбак суу сактагычына келип салкындап эс албаган, деги эле ал тууралуу билбеген Ташкенттин тургунун учуратуу мүмкүн эмес.
Чарбак - Чирчик, Чаткал жана Пскем дарыялары куйган, Ташкентти суу менен камсыз кылган стратегиялык суу сактагыч.
Андан дагы суу сактагычты курчаган бак-шакты, жашыл табиятты "Ташкенттин өпкөсү" деп атап коюшат. Чарбак баш калаанын абасын салкындатып турса, жашыл дүйнө абаны кычкылтек менен байытат.
1963-жылы башталган Чарбактын курулушу 1970-жылы аяктап, Ташкентке электр жарыгын да берген. Суу сактагычтан Ташкент облусу жана Фергана өрөөнү суу ичкен. Ошондой эле ага тоодон түшкөн дарыялар куюп, баш калааны суу каптоодон коргойт.
Чарбактын экосистемасы жылдан-жылга начарлап баратат. Эч бир көзөмөлсүз жапырт туризм, суу үстүндө жүргөн моторлуу кайыктар менен скутерлер абаны, сууну бирдей булгайт. Эс алуучулардан калган акыр-чикир айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирет.
2020-жылы өзбек өкмөтү кырдаалды жөнгө салуу үчүн "Чарбак суу сактагычынын санитардык абалын жакшыртуу чаралары" деген долбоор баштаган.
"2020-жылдын 1-августунан тарта Чарбак суу сактагычында моторлуу кайык, катер, яхта, гидроцикл жана башка суу үстүндө жүрүүчү каражаттарга, ошондой эле жээктерде сууга түшүү үчүн пляждарды түзүүгө катуу тыюу салынат", - деп токтомдо бекитилген.
Бирок бул токтом эмнегедир күчүнө кирген эмес. Экология министринин кеңешчиси Расул Кушербаев 2024-жылды жайында маселе койгон. Ал Чарбак суу сактагычына жана ага канаатташ жерлерди өзгөчө режимде башкарылган экологиялык таза аймак деп түзүү демилгесин көтөргөн. Сууну, абаны булгаган каражаттарга жана сууга түшүүгө, рекреациялык иш-чараларга мораторий киргизүү каралган.
Бирок былтыр декабрда өкмөттүн өз планы бар экени ачыкка чыкты.
Ишкерликке өткөн ырчы
Чарбакта олутуу долбоорго киришкен Эмин Агаларов деген ким?
Агаларов - мурдагы советтик чөлкөмгө таанымал орус жана азери ырчысы. Азербайжандын эл артисти, Instagram баракчасында 3 миллиондон ашуун катталуучусу бар.
Соңку маалда ал ырчылыктан оолактап, Москванын сыртындагы Crocus Group группасынын ээси, атасы Араз Агаларовго кошулуп, ишкерликке өткөн.
Эмин ишкерликте да илбериңки болуп чыкты. Анын дагы бир сыры - Азербайжан президенти Илхам Алиевдин улуу кызы Лейлага үйлөнгөн.
2006-жылы баш кошкон түгөйлөр 2015-жылы эки башка жолго түшкөн. Алардын эки уулу бар. Ажырашып кетсе дагы Эмин Агаларов президенттин үй-бүлөсүнө жакын бойдон калганы алардын чогуу тушкөн сүрөт-видеолорунан даана көрүнөт.
Агаларовдун бизнес долбоорлорунун дымагы асман чапчыйт. Президент Алиевдин мурдагы күйөө баласы 20 жылдан бери Каспий деңизинин жээгинде Sea Breeze шаарчасын куруп жатат.
Бул үчүн 2006-жылы Бакудан 30 чакырым жердеги Нардаран шаарында жүздөгөн үйлөр короо-жайы менен бузулуп, гектарлаган жердеги бак-дарак кыйылган.
Азербайжандын мамлекеттик мекемелери Агаларовго 500 гектар жер бөлүп беришкен.
Адегенде жеке менчик үйлөрдү "мамлекеттин пайдасы үчүн" деген шылтоо менен алышкан. Андан кийин жээктеги 30 гектар тилке Агаларовдорго таандык Crocus Group компаниясына берилген.
"Мамлекеттин пайдасы үчүн" деп алынган 18 үй-жайдын ээлери Европадагы адам укуктары сотуна арызданган.
2021-жылы ноябрда Страсбург соту азери өкмөтүн жарандардын менчикке болгон укугун бузган деп, жабыркаган үй-бүлөлөргө 307 500 евродон кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
Sea Breeze долбоорун дагы Азербайжандын мыйзамын бузуп, Каспий деңизинин экосистемасына зыян келтирет деп сындашкан.
Агаларовдордун башка дагы бир долбоору - 2023-жылы Азербайжанда Dream Liner деп аталган жасалма жарым арал курулган.
Бакунун башкы планында 2040-жылга чейин мындай эч бир долбоор каралган эмес. Аралдын курулушу атайын уруксатсыз ишке ашырылганын адистер белиглешет. Азербайжандын экология жана табигый ресурстар министрлиги Агаларовдор дымактуу курулуштун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу отчет тапшырбаганын "Азаттыктын" өзбек кызматына ырастады.
2024-жылы Каспий деңизинде 800 метрлик жасалма жарым аралдын курулушу аяктагандан кийин Эминдин мурунку кайын атасы, президент Алиев долбоорду расмийлештирген мыйзамга кол койгон.
Жасалма аралдагы эң арзан батирдин бир чарчы метри 3000 долларды чапчыйт. Андан сырткары Sea Breeze компаниясы Каспий деңизиндеги коомдук пляжды өзүнө кошуп алган. Азыр деңизге түшөм дегендер күнүнө 30 доллардан төлөйт.
Sea Breeze Uzbekistan долбоору
2024-жылдан тарта Эмин Агаларов Өзбекстанга бараандуу ишкер катары келе баштаган. Былтыр 23-августта Ташкентке мурдагы кайын атасы, президент Алиев менен келип конгон.
Ташкентте президент Алиев менен өзбек лидери Шавкат Мирзиёев премиум класстагы Agalarov Residence турак-жай комплексин курууну сүйлөшкөн.
Бул дымактуу долбоорго Ташкенттин ортосунан 2 гектар жер бөлүнүп, 21-27 кабат көп батирлүү үйлөр салынмак. Кандай негизде ал жер Агаларовго берилгени белгисиз.
Мындан болжол менен үч аптадан кийин Өзбекстан президентинин кичүү күйөө баласына таандык BEFIT фитнес клубу Бакуда Алиевдердин үй-бүлөсүнө тиешеси бар Crescent Mall соода борборунда ачкан.
16-сентябрда анын ачылышында Эмин Агаларов Ташкенттен келген сыйлуу конокторду өзбек президентинин кыз-күйөөсүн жандап чыккан.
Андан көп узабай Агаларовдор Ташкентке келген.
16-декабрда Эмин Агаларов президент Мирзиёевдин жеке өзүнө гана Чарбакта салына турган Sea Breeze долбоорун көрсөтүп берген.
Бул долбоорго суу сактагычтын көз жоосун алган кооз жеринен 577 чектар жер бөлүнгөн. Коңшу өлкөнүн эгемен тарыхында буга чейин жеке инвесторго мынчалык жер тилкеси курулушка берилген эмес.
Жаңы долбоор Чарбак суу сактагычынын түштүк жээгиндеги Юсуфхан кыштагынын аймагына, түндүк тарабынан Яккатут жана Боладала кыштактарынын ортосуна түшөт.
План боюнча эки жээкти 377 метрлик көпүрө туташтырып, Agalarov Development компаниясы эки тарапта тең эл аралык туристтик борбор салат.
Эмин Агаларов өзбек лидерине көрсөткөн картага караганда 10 чакан аймакка бөлүнгөн борбордук комплекс салынып, жээкти бойлой бульвар түшүп, пляждар, эс алуучу жерлер курулат. Тоо түбүнө отелдер, виллалар, коттеждер, ресторандар жана көңүл ачуучу жайлар, спорттук, анын ичинде кышкы спорт үчүн атайын жайлар салынат.
Жергиликтүү медиа Чарбактагы долбоордун баасын 10 миллиард доллар деп жазды. Акчанын булагы айтылбайт. Агаларов өзүнө "инвестициясыз эле шаар салуунун чебери" деп мүнөздөмө берген.
Былтыр 16-декабрда Мирзиёевдин батасын алган ишкер быйыл апрелде Ташкентке долбоордун башкы планын алып келген. Бул ирет аны азери лидеринин неберелери коштоп келген. Агаларов өзбек президентине долбоорду кайра көрсөтүп, кайра макулдугун алган.
11-июнда Ташкентте өткөн эл аралык инвестициялык форумда коңшу өлкөнүн инвестиция, өндүрүш жана соода министри Лазиз Кудратов Ташкент облусунда Sea Breeze Uzbekistan курортун куруу тууралуу макулдашууга Агаларов менен кол койгон.
Расмий маалыматта айтылгандай, долбоор 5 миллиард доллар деп бааланган.
Форумдан кийин Агаларов Sea Breeze курортунун курулушун Өзбекстанда президент Мирзиёев чет элдик инвесторлор үчүн түзгөн "теңдешсиз мүмкүнчүлүк" деп сыпаттаган.
"Чарбактын ээси - эл"
Sea Breeze Uzbekistan долбоору коомдук катуу каршылыкка кабылган. Жергиликтүү пресса жана социалдык медиада Эмин Агаларовдун видеолору кызуу талкууга айланган. Соцтармактарда #savechorvoq деген хэштег менен каршылык акциясы башталган.
"Азаттыктын" журналисттери байланышкан юристтер мыйзам боюнча Агаларов сунуш кылган мегадолбоордун курулушу башталардан мурун бир катар олуттуу экспертизадан, коомдук талкуудан өтүшү керектигин белгилешет.
"Бир катар укуктук документтер бар. Мисалы, "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамдын 23-беренесине ылайык жарандардын демилгеси менен коомдук экологиялык экспертиза өткөрүлөт жана аны жүргүзүүгө бут тосууга тыюу салынат. Бул долбоор Ташкенттин экологиясы үчүн теңдешсиз мааниси бар Чарбак суу сактагычын курчаган тоо кыркаларына таасир этип, парктар менен токойлорду жок кылып, сууну булгайт. Чарбактын ээси мамлекет, тактап айтканда - эл. Элдин менчигин, айрыкча жашоонун булагы болгон суу сактагычты кайсы бир олигархка белекке тартуулап жиберүүгө эч кимдин укугу жок", - дейт аты-жөнүн жашырган өзбекстандык юрист.
"Азаттык" кепке тарткан дагы бир юрист Чарбак суу сактагычы эң маанилүү стратегиялык жай саналгандыктан, анын жээгин бойлой жүз гектарлаган жерге туристтик комплекс курууга Өзбекстандын мыйзамы тыюу саларын белгиледи.
"2021-жылы Министрлер кабинети кабыл алган №499 токтом бар. Анда Чарбак районундагы токойлуу аймактарда "курулуш материалдарын колдонуп имараттарды салууга тыюу салынат" деп ташка тамга баскандай жазылып турат. Агаларовго берилген 577 гектар жердин картасына, сүрөттөрүнө жана видеолоруна назар салсаңар, ал жерди токойго же токойлуу аймакка айлантса болот. Антсе эмне мыйзамга каршы болот беле?" - дейт юрист.
Эмин Агаларов өзбекстандыктардын нааразылыгын басуу үчүн анын долбоору Чарбактагы суунун сапатын жакшыртып, ага кошулган саркынды сууну токтоторун жүйө келтирген.
Буга кошумча өткөн аптада азери ишкери Бакудагы Sea Breeze курортун өзбекстандык журналисттерге көрсөтүп келди. Агаларов ал жерде туруп Чарбактагы комплекстин идеясы президент Мирзиевге таандык экенин айткан.
"Силердин президентиңер Чарбакты карап көрбөйсүңөрбү деп айткан. Мен ал жакка барганда кооз табиятын көрүп таң калгам. Президент Чарбакта ажатканадан тарта мейманканага чейин чаржайыт эмес, бир тартипке салынган курорттук аймак түзгүсү келет. Бардык курулушчулардын ичинен мамлекетке мени менен иштешүү жеңил, анткени мен өзүм баарын бир жерде курам", - деп түшүндүргөн Агаларов өзбекстандык журналисттерге.
Шерине