Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Бангладеште машыгуучу учак мектепке кулап, 27 адам набыт болду, 170тен ашыгы жараат алды


Бангладеште Аба күчтөрүнүн машыгуучу учагы Даккадагы мектептердин бирине кулап, кеминде 27 киши мерт болду, дагы 170тен ашыгы жараат алды.

Би-би-си өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып набыт болгондордун көбү – 25и балдар экенин жазды.

Ооруканага 50дөн ашык адам жеткирилди жана куткаруучулар кырсык болгон жерде иштеп жатат.

Бийлик өкүлдөрүнүн билдиришинче, учкуч машыгуу үчүн учуп чыкканда техникалык маселелер чыккан. Кырсыктын так себебин аныктоо уланып жатат.

Күбөлөрдүн ырасташынча, учак Milestone School and College мектебинин эки кабаттуу имаратынын так үстүнө кулап түшкөн.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон кыйроодон кийин катуу өрт чыкканын, коюу түтүн каптаганын көрүүгө болот.

Бангладештин убактылуу өкмөтүнүн башчысы Муххамад Юнус кырсыктын себептерин иликтөөгө жана жабыркагандарга жардам берүүгө болгон аракет жушаларын айтты.

Ал Х социалдык тармагындагы баракчасына бул “өлкө башына келген азап-кайгы” экенин жазды. Ошондой эле бардык бийлик органдарына бул окуяга олуттуу мамиле кылууну тапшырды.

Бангладеште 22-июлда аза күтүү күнү жарыяланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG