Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Илимдер академиясы Кыргызстанда табылган динозаврга "Алпкаракуш" деген ат берди


Улуттук илимдер академиясы жарыяган сүрөт.
Улуттук илимдер академиясы жарыяган сүрөт.

Улуттук илимдер академиясы Кыргызстанда табылган динозаврга “Алпкаракуш” деген ат берилгенин билдирди. Академиянын Фейсбук баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, динозаврдын сөөгү Аксы районунун аймагында, Таш-Көмүр шаарына жакын Ууру-Сай деген жерде табылган.

Академиянын илимпоздорунун божомолуна караганда, эне-бала теропод мындан 165 миллион жылдай мурда Аксыга "саякаттап" келип калган болушу мүмкүн.

"Кыргызстан менен Германиянын палеонтологдорунун кызматташтыгынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда биринчи теропод динозаврынын калдыктары табылган. Бул Борбор Азиядагы эң маанилүү ачылыштардын бири. Тероподдор - Тираннозавр жана Аллозавр сыяктуу белгилүү жырткычтар, динозаврлардын эң маанилүү чоң топторунун бири. Тероподдордун көп түрдүүлүгү мезозой доорунан, динозаврлар доорунан бери белгилүү. Аллозавр Түндүк Америкада жана Европанын түштүк-батышында юра мезгилинде кеңири таралган, ошондой өлчөмдөгү метриакантозаврлар Кытайда жашаган. Бирок, Борбордук Европа менен Чыгыш Азиянын ортосундагы кең аймак дагы эле terra incognita бойдон калган - бул жерлерден бир дагы юралык ири жырткыч динозавр мурда белгилүү болгон эмес. Таш-Көмүрдүн Ууру-Сайындагы теропод калдыктарынын ачылышы абалды бир топ жакшыртты. Alpkarakush kyrgyzicus - Кыргызстандан табылган биринчи теропод динозаврынын аты. Табылга "Манас" эпосунда кездешүүчү мифтик канаттуу Алпкаракуштун атынан коюлду, ал каардуу учурларда баатырларга көп жардамга келет”,-деп жазылган маалыматта.

Академиянын билдиришинче, Ууру-Сайда экинчи Alpkarakush kyrgyzicus, бир аз кичирээк үлгүсүнүн калдыктары да табылган. Сөөктүн ички түзүлүшүн изилдөөдө чоңураак үлгү дээрлик бойго жеткен, кеминде он жети жашта жана жыныстык жактан жетилген, ал эми кичинеси жашы жете элек экенин көрсөткөн.

Бул изилдөөнү Германиянын изилдөө фонду (DFG) каржылаган жана табылга тууралуу Линней коомунун Зоологиялык журналында (Zoological Journal of the Linnean Society) жарыяланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG