Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:54

"Kloop Media": мурдагы журналисти сурак берди, банк эсептер бөгөттөлдү


20-июлда Kloop басылмасынын мурдагы кызматкери Кутман Каленов “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, УКМКда сурак бергени маалым болду. Аны кечинде кайра үйүнө кое беришкен.

Каленов өзү күбө катары суралганын “Азаттыкка” билдирди. Атайын кызмат бул боюнча маалымат бере элек. Мунун алдында басылманын бир нече кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөнү белгилүү болгон.

“Клооп” басылмасынын мурдагы журналисти Кутман Каленов 20-июлда “Манас” эл аралык аэропортунан паспорттук көзөмөл учурунда кармалганын айтып берди. Ага чек арачылар “Клоопко” байланыштуу кармалганын айтып, көп өтпөй Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү Бишкекке суракка алып кетишкен.

Каленов күбө катары суралганын, беш-алты сааттай суроолоруна жооп берген соң коё беришкенин “Азаттыкка” билдирди.

"Клооп" басылмасынын мурдагы журналисти Кутман Каленов
"Клооп" басылмасынын мурдагы журналисти Кутман Каленов

“Мени кечки саат алтыга чейин кармашты. Биз ал жакка саат бирлерде барганбыз. Негизинен “Клоопко” байланыштуу сурашты. Мен кандай кызматта иштегенимди, эмне иш кылганымды, кандай милдетти аткарганымды, канча акча аларымды жана “Клооп” тыюу салынган маалымат каражаты экенин билет белең” дегендей суроолорду беришти. Андан сырткары, менин Болот, Ренат, Анна менен байланышым болгон-болбогонун, башка кызматкерлери туурасында сурашты. Анан менин номеримди алып калып, күбө катары суралып жатканымды айтышты”, - деди Каленов.

Каленов бул иш тергелип, териштирилип бүткөнчө Кыргызстандан башка өлкөгө чыга албай турганын кошумчалады.

Кутман Каленов 19 жашта. Ал буга чейин “Клооптун” журналистика боюнча онлайн мектебине катышып, практикадан өткөн. Ошондон кийин бул басылмада 2024-жылдан баштап иштеп калган. 2025-жылы жазында журналисттердин үйү тинтилип, айрымдары кармалганда иштен кеткенин билдирди.

“Клооп” басылмасы мурдагы журналисти кармалганын жекшемби күнү өзүнүн Телеграм каналына жазган. Анда журналистти жеке иштери менен бир нече күнгө өлкөдөн чыгаарда “Манас” эл аралык аэропортунан чек ара кызматкерлери кармаганы белгиленген.

Мунун алдында басылма “Клооптун” бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөнүн кабарлаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту эсептерди бөгөттөө боюнча токтомун июлдун башында чыгарган. Редакция эсептердин бөгөттөлгөндүгү тууралуу маалыматты банктан алышканын, соттун токтомун көрө электигин билдирүүдө.

Бөгөттөө УКМКнын “Клооптун” бир нече мурунку жана азыркы кызматкерлерине карата “массалык башаламандыкка чакыруу” беренеси менен козгогон кылмыш ишине байланыштуу болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда.

28-29-30-май күндөрү "Клооп Медиа" басылмасынын азыркы жана мурдагы 8 кызматкери, анын ичинде журналист, оператор, эсепчи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгында алты сааттай убакыт суракка алынган. Айрым журналисттердин үйүндө, медианын кеңсесинде тинтүү жүргөн.

Басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 21-июлга чейин камакка алган.

Kloop Media: Александров менен Дуулатов эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:59 0:00

Өткөн аптада адвокат Кайсын Абакиров президентке жана УКМК башчысына кайрылуу жолдоп, Александровдун банктан алган ири суммадагы насыясы бар экенин, аны жубайы өз алдынча төлөй албай турганын белгилеген. Ошондой эле ал техникалык эле иштерди аткарып, басылманын редакциялык саясатына катышы болбогонун айткан.

Адвокаттын айтымында, тергөө бүтүп, сот 5-августка белгиленди. Соттук териштирүү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтөт.

Медиаэксперт Асел Сооронбаева учурда иликтөө жасаган редакциялар менен кызматташуу кооптуу абалга келди деп эсептейт.

Асел Сооронбаева
Асел Сооронбаева

“Кутман Каленов "Клооптун" мурдагы кызматкери экен, болгондо да штаттан сырткары иштеп кеткен фрилансер экен. Ал бала өлкөгө ушунчалык кооптуу жагдай жаратабы? Буга чейин деле ушул ЖМКнын мурдагы жана азыркы кызматкерлери - жаш кыздар-балдар кармалып, кыздар "Клооп" менен кызматташпайм деген убаданын негизинде кое берилген эле, ал эми уландар дагы деле абакта. Ансыз деле, азыркы тапта иликтөөчү журналистика өлкөдөн тышкары эле болуп калды, ал эми иликтөө жасаган редакциялар менен кызматташуу кооптуу абалга келди. Бирок бийлик аны менен чектелбей, өлкөдөн тышкары иштеген иликтөөчү журналисттерге сес көрсөтүп жаткандай элес калтырат. Өлкөнүн сөз эркиндиги боюнча рейтинги соңку жылдары 70тен ашуун орунга түшүп, мамлекеттик пропаганда өтө күчтүү даражага жеткен чакта бул кадамдар аша чапкандык эмеспи?”, - деп суроо салды медиа эксперт.

Буга чейин атайын кызмат 30-майда билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жарыялаган.

Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну толук четке каккан.

"Клооптун" журналисттери: Орунбековдун билдирүүсү, Темировдун жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:54 0:00

Amnesty International эл аралык уюму чукул билдирүү жасап, “Клооп” басылмасынын кызматкерлерин кармоо "көз карандысыз журналистикага каршы басым-кысымды күчөтүүдө" деп сындаган. Кийин Human Rights Watch баштаган 10 эл аралык уюм Кыргызстандын бийлигин “Клооп Медианын” эки кызматкерине тагылган айыптоону алып, аларды бошотууга жана калган журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG