Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Италияда орусиялык дирижёр Валерий Гергиевдин концерти өтпөй турган болду


Орусиянын президенти Владимир Путин Мариинск театрынын көркөм жетекчиси Валерий Гергиевге Кремлде сыйлык тапшырууда, 22-сентябрь, 2016-жыл
Орусиянын президенти Владимир Путин Мариинск театрынын көркөм жетекчиси Валерий Гергиевге Кремлде сыйлык тапшырууда, 22-сентябрь, 2016-жыл

Италиядагы Un’Estate da RE музыкалык фестивалынын дирекциясы орусиялык дирижёр Валерий Гергиевдин концертин өткөрбөй турган болду. Мындай чечим эмнеден улам кабыл алынганы так айтылбайт.

2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканы Гергиевдин Батышта концерттери токтотулган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин эбактан берки тарапташы саналган атактуу дирижёр 27-июлда Неапол шаарына чукул Казертадагы падышалык сарайда өтчү концертке дирижёрлук кылмак. Ал жерде Италиянын Салерно шаарынын Верди театрынын оркестри менен Мариинск театрынын аткаруучулары концерт коймок.

Италиянын маданият министри Алессандро Жули орус дирижёрунун фестивалга катышканы маданий окуя эмес, саясий бир ишара катары кабыл алынышы ыктымал экенин айтты. "Искусство эркин жана цензурага баш ийбейт", - деген Жули ANSA агенттигине. "Путиндин досу жана тарапташы Валерий Гергиевдин Кампания аймактык өкмөтү уюштуруп, каржылаган концерти коомго туура эмес белги берет деген кооптонуу бар", - деди министр.

Гергиевди Италиядагы иш-чарага чакыруу өлкөнүн өзүндө гана эмес сыртында дагы бир топ сын-пикир жаратты. Кампания аймагынын губернатору Винченцо Де Лука андай сынды четке кагып, "маданий алака-катышты токтотуу жаатташууну күчөтөт" деди.

Орус оппозициясынын өкүлдөрү губернатордун айтканын сындап, Гергиевди Италияга чакырууну "өзгөчө бир маанилүү маданий окуя" сыңары көрсөтүү - "эки жүздүүлүк" деп сыпатташты.

Нью-Йорктогу Метрополитен-операнын башкы жетекчиси Питер Гелб орусиялык дирижёрду "искусстводогу Путлердин дублёру" деп атады.

2022-жылы Украинада уруш башталганы Гергиев бир катар эл аралык келишимдеринен кол жууду. Аны Мүнхен филармониясынын оркестринин башкы дирижёрунун кызматынан кетиришкен. Роттердам филармониясы, Баден-Бадендеги концерттик зал, Метрополитен-опера, Карнеги-холл жана Вена филармониясы орусиялык маэстро менен кызматташууну токтоткон. 2025-жылы Канада Гергиевди санкциялык тизмеге киргизген.

Шерине

XS
SM
MD
LG