Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:21

Сот USAGMди финансылык жыл аяктаганча "Эркин Европа/Азаттык" радиосун каржылоого милдеттендирди


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы кеңсеси.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы кеңсеси.

Округдук сот АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттигин (USAGM) “Эркин Европа/Азаттык” радиосу үчүн ушул финансылык жылдын соңуна чейин каралган каражатын бөлүп берүүнү милдеттендирген чечимин чыгарды.

Конгресс бөлүп берген каражатты төлөп бере электигине байланыштуу сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Глобалдык медиа боюнча агенттигине (USAGM) каршы доо арызын канааттандырды.

АКШнын Колумбия округдук соту Ройс Ламберт 18-июлда чыгарган токтомунда Конгресс “Эркин Европа/Азаттык” радиосу үчүн 2025-финансылык жылга бөлгөн каражаттын калган бөлүгүн USAGM төлөп бериши керектигин жазган.

Радиостанцияны каржылоодогу жаралган коркунуч медиага байкоо салып тургандардын, талдоочулардын, демократияны коргоочулардын жана үналгы иштеген 23 мамлекеттеги, 27 тилдеги аудиториясынын дүйнөлүк колдоо толкунун жараткан.

Сот Ламберт токтомунда “USAGMдин өз финансылык милдеттерине ачыктан ачык өзбилемдиги” “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “жапырт жумуштан бошотуулардан, программаларын токтотуудан жана радио ондогон жылдар бою жыйнаган глобалдык таасирин жоготуудан жабыркоосуна алып келгенин” билдирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стив Капус өз билдирүүсүндө бул чечим “радионун маанилүү миссиясын аткарышы үчүн USAGMди каржыны бөлүүгө мажбурлоодогу талыкпас юридикалык аракеттердин туу чокусу” экенин билдирди.

Быйыл мартта USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилген грантты токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругунан бир нече саат өтпөй кабыл алынган. Буйрукта жети өкмөттүк агенттикти, анын ичинде USAGMди да мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Кошмо Штаттардын Конгресси бөлгөн каражатты алуу үчүн USAGMге каршы сотко кайрылган. Радио өзүнүн доо арызында USAGM агенттигинин андай укугу жок экенин, анткени грант Конгресстин чечими менен берилерин жүйө келтирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG