Ысык-Көлдө эстрадалык музыканы даңазалаган IV эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы башталды. Иш-чара 20–22-июль күндөрү көлдүн боюнда, Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги быйылкы фестивалды өткөрүүгө 20 миллион сом бөлгөнүн министрдин орунбасары Тимурлан Ажымалиев билдирди. Бул сумма мурункуларга караганда эки жарым эсе көп.
Бул жылы фестивалдын географиясы кеңейип, Азиядан тартып Европага чейин 25тен ашуун өлкөдөн ырчылар келишти. Арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Франция, Аргентина, Хорватия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү бар. Кыргызстандан үч аткаруучу катышууда.
Ажымалиев быйыл жеңүүчүнү тандоо ыкмасы өзгөргөнүн кошумчалады. Мурда баш байгени кимге берүү өз ара кеңешүү менен аныкталса, бул ирет калыстар тобу талкуулайт жана ар бири мыкты деп эсептеген катышуучуга онлайн добуш берет.
Ошондой эле, көрөрмандар “Күйөрмандардын сүймөнчүгү” номинациясында онлайн тандоо жасашат.
Фестиваль Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн келген белгилүү эстрада жылдыздарынын гала-концерти менен жыйынтыкталат.
“Мейкин Азия” фестивалы алгач 2013-жылы өткөн. Баш байгени казакстандык Димаш Кудайберген жеңип алган. 2015-жылы Бахрейндин өкүлү Натали Аль-Ганемге уткан.
Фестиваль ар эки жылда өтөт деп пландалганы менен, ар кандай себептерден улам сегиз жылга үзгүлтүккө учурган. 2023-жылы гана кайра жанданып, казакстандык Айна Калмаганбетова жеңген.
Кыргыз өкмөтү бул фестивалды өлкөнүн маданий брендине айлантып, жаш таланттар үчүн эл аралык платформа түзүүнү көздөйт.
Расмий маалыматка ылайык, фестивалдын алгачкы жеңүүчүсү, дүйнөгө таанылган казак ырчысы Димаш Кудайберген 22 июлдагы жабылыш аземинде гонорарсыз ырдайт. Бул анын фестивалга арнаган белеги экенин министрдин орунбасары Ажымалиев белгиледи.
Шерине