Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев менен Москванын түз сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы Стамбулда 23-июлга белгиленгенин билдирди. Ал дүйшөмбү күнкү кечки кайрылуусунда бул тууралуу мурдагы коргоо министри, жакында эле Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы болгон Рустем Умеров менен талкуулаганын айтты:
“Мен бүгүн Рустем Умеров менен туткундарды алмашуу тууралуу жана орус тарап менен Түркияда дагы бир жолу жолугушуу тууралуу сүйлөштүм. Умеров жолугушуу шаршембиге пландалып жатканын айтты”.
Зеленский кезектеги сүйлөшүүнүн чоо-жайы тууралуу шейшемби күнү кененирек маалымат берилерин белгиледи.
Орусиядагы ТАСС агенттиги өз булактарына шилтеме кылып тараптардын сүйлөшүүлөрү 24-июлда өтөрүн, орус делегациясы Стамбулга 23-июлда жөнөп кетерин кабарлаган. Бирок көп өтпөй эле Түркиядагы булактарына таянып, сүйлөшүүлөр 23-июлда эле өтөрүн жазды.
Киев менен Москванын өкүлдөрү бул жолу дагы "туткундарын айырбаштоо, жарандык инфраструктуранын жана чек ара аймагындагы коопсуздук" өңдүү чектелген маселелерди талкуулайт деп болжолдонуп жатат.
Зеленский 19-июлда Умеров орус делегациясына сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүү сунушун жолдогонун билдирген.
Киев менен Москва май жана июнь айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө согуш туткундарынын бир нече тобун алмашууну, башка гуманитардык маселелерди макулдашкан. Бирок ок атышууну токтотуу келишими жетишилген эмес. Украин президенти бул үчүн лидерлер жолугушушу керек деп айтып келатат.
Орусия ээлеп алган аймактардан украин аскерлеринин чыгып кетишин талап кылууда. Украина бул талапты караманча четке кагып жатат.