Медиа: Украин-орус сүйлөшүүлөрү Стамбулда ушул аптада өтүшү мүмкүн

Орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү. Стамбул, 2-июнь 2025-жыл

Украина менен Орусия ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы ушул жумада Стамбулда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Independent Türkçe басылмасы дипломатиялык булактарга таянып жазды. Маалыматка караганда, делегациялардын техникалык жолугушуусу 23 же 24-июлда болушу мүмкүн. Тараптар “согуш туткундарын айырбаштоо, жарандык инфраструктуранын жана чек ара аймагындагы коопсуздук” өңдүү чектелген маселелерди талкуулайт деп күтүлүүдө.

19-июлда украин президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров орус делегациясына сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүү сунушун жолдогонун билдирген. Зеленскийдин айтымында, “сүйлөшүүлөрдүн динамикасын жогорулатуу жана ок атышууну токтотуу үчүн колдо бар чара көрүү зарыл”.

Киев менен Москва май жана июнь айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө согуш туткундарынын бир нече тобун алмашууну, башка гуманитардык маселелерди макулдашкан. Бирок ок атышууну токтотуу келишими жетишилген эмес. Украин президенти бул үчүн лидерлер жолугушушу керек деп айтып келатат.

Орусия ээлеп алган аймактардан украин аскерлеринин чыгып кетишин талап кылууда. Украина бул талапты четке кагып жатат.

Independent Türkçe басылмасы үстүбүздөгү аптада Стамбулда Иран менен европалык үч өлкөнүн өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасын талкуулашарын да белгилейт.

Дагы караңыз

Израил палестиндерден Газанын борборунан чыгып кетүүнү талап кылды Ош мэриясы "Келечек" базары 31-июлда көчүрүлөрүн билдирдиKloop Media: мурдагы журналисти сурак берди, банк эсептер бөгөттөлдү