Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Венгрия жана Сербия жаңы мунай куурун курарын, ал 2027-жылы ишке берилерин билдирди.
Жаңы куур жылына беш миллион тоннага чейин мунай ташууга кубаты жетерин Сийярто Будапештте Орусиянын жана Сербиянын Энергетика министрликтеринин өкүлдөрү менен сүйлөшкөн соң айтты.
Венгриянын тышкы иштер мекемеси министр Сийярто Орусиянын энергетика министринин орун басары Павел Сорокин жана Сербиянын энергетика министри Дубравка Дедович менен жолуккандан кийин Брюсселде кабыл алынган чечим европалык энергетикалык коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын айтканын билдирди.
Расмий билдирүүдө Венгрия менен Словакия Брюсселден тиешелүү кепилдиктерди алгандыктан Орусияга каршы кабыл алынган санкциялар пакетине, анын ичинде орус мунайынын баасын чектеген документти колдогону айтылган эмес. Европа Биримдиги өткөн жумада Москвага каршы катаал чараларды жарыялаган.
"Биз транспорттук маршруттарды жаап, Европаны ресурстардан кесип салбашыбыз керек. Европага энегетикалык жаңы булактарды ачып, жаңы куурларды салышыбыз керек", - деди Сийярто.
Венгриянын башкы дипломаты Европага ташылган энергетикалык ресурстардын баасын ушундай жол менен арзандатса болорун белгилеп, Будапешт Белград менен кызматташып, 180 чакырымдык жаңы куур курарын айтты.
Шерине