«Азаттык» Украинада уруш башталгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда ачылган компаниялар Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган электроника товарларын жөнөтүп жатканын аныктап чыкты.
Дээрлик күн сайын Орусиянын бомбалоосуна жана артиллериялык аткылоосуна туш болуп жаткан Украинанын тургундары АКШнын жардамы болбосо, өлкөнүн коргонуу дарамети алсырайт деп кооптонушууда. Мунун алдында америкалык медиада Вашингтон Киевге куралдын айрым түрүн берүүнү токтоткону кабарланган.