Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Чех президенти коммунизмди пропагандалоого тыюу салган мыйзамга кол койду


Чехиянын президенти Петр Павел
Чехиянын президенти Петр Павел

Чехиянын президенти Петр Павел коммунисттик идеяларды пропагандалоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Эми ал идеологияны колдогондор үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин басмырлоого багытталган же расалык, этностук, диний жана тайпалык жек көрүүгө шыкактаган аракеттерди кылган, колдогон же сүрөөнгө алган кишилер сот жообуна тартылат. Ошол тизмеге коммунизмди идеясы да киргизилди. Ушундай эле тыюу Чехияда нацизмди пропагандалоого салынган.

Мыйзамга түзөтүү киргизүү демилгесин жергиликтүү окумуштуулар, анын катарында Тоталитардык режимдерди изилдөө институту көтөргөн. Алардын пикиринде, Чехия тоталитардык идеологияларга тиешелүү укуктук тең салмактуулукту мурда эле жоюш керек болчу.

Чехия жана Моравиянын коммунисттик партиясы бийликтин чечимин катуу айыптап, аны «оппозицияны коркутуу аракети» деп атады.

Партия чех парламентине кирбегени менен «Жетет» (Stačilo!) деген альянстын курамында октябрдагы парламенттик шайлоодо 5% босогодон өтүшү мүмкүн.

Жаңы мыйзам коммунисттик партиянын ишмердигине кандай таасир этери азырынча белгисиз.


Шерине

XS
SM
MD
LG