Токаев дарыгерлерге кол көтөргөндөргө жазаны катаалдатууну тапшырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дарыгерлерге кол салып, сабагандарга жазаны катаалдатууну тапшырды.

Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Руслан Желдибаев билдирди. Ал Токаев медициналык кызматкерлерге күч колдонгондорго катуу чара көрүү тууралуу депутаттардын сунушун колдорун белгиледи.

“Президент өкмөткө тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу тапшырма берди. Ал парламентке жөнөтүлгөндөн кийин жарандык коомдун өкүлдөрү менен чогуу талкуулар өтөт”,-деп айтылат маалыматта.

Казакстанда дагы акыркы учурларда дарыгерлер сабалган учурлар көбөйдү.

Мындай көрүнүш Кыргызстанда дагы бар.

Ушул айда эле Улуттук госпиталдын дарыгерлери сабалган эки окуя катталган. Мындан улам аталган оорукананын жамааты айрыкча күч түзүмүнүн кол көтөргөн кызматкерлери жазасыз калып жатканын, жогорку кызмат адамдардын жоопкерчилиги каралбай калганын айтып бийликке кайрылган.

Дарыгерлердин бул билдирүүсүнө бийлик башчылары азырынча үн ката элек.

Дагы караңыз

Туманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаар четине көчүрүлөрүн айтты Стамбулдагы Орусия менен сүйлөшүүгө украин делегациясын Умеров жетектеп баратКазак-өзбек чек арасында май ташылган жашыруун тоннел табылды Садыр Жапаров фамилияны тандоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койду Укук коргоочу Рита Карасартованын соту белгисиз мөөнөткө жылды Садыр Жапаров Жер кодексин өзгөртүү мыйзамына кол койду Мамдума интернеттен "экстремисттик" маалымат издөөгө жаза каралган мыйзам кабыл алды