Абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын соту белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу ага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы“ уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Анын ырасташынча, бул ишти караган судья башка аймакка которулуп кеткен, ал эми жаңы келген судья тергөө материалдары менен таанышып чыгууга убакыт керектигин айткан.
Карасартовага козголгон кылмыш ишин тергөө ушул айдын башында аяктаган. Укук коргоочунун кызы Касиет Мамырбай кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлганын билдирген. Сот буга байланыштуу комментарий берген эмес.
Карасартова 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Ушул эле сот 30-апрелде абактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан. Карасартованы үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту 29-майда карап, укук коргоочуну тергөө абагында калтырган.
Укук коргоочу өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.
Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.
Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.
Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу дагы камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра акталган.