Мамдума интернеттен "экстремисттик" маалымат издөөгө жаза каралган мыйзам кабыл алды

Орусияда Мамлекеттик дума 22-июлда интернеттен "экстремисттик мүнөздөгү" маалымат издөөгө жаза каралган мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алды.

Ага ылайык, Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс жаңы беренелер менен толукталды. Эми интернеттен “экстремисттик” материал издөөгө айыптуу деп табылган жарандарга үч миңден беш миң рублге чейин айып пул салынат.

Дагы бир өзгөртүүгө ылайык, Орусиянын аймагында VPN-сервистерин колдонууда мыйзам бузгандарга дагы жаза каралган. Анда күнөөлүү деп табылган жарандарга 50 миңден 200 миң рублге чейин, ал эми кызмат адамдарына 80 миңден 200 миң рублге чейин, ал эми юридикалык тараптарга 200 миңден бир миллион рублге чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Буга чейин бул мыйзам кабыл алынса полициянын жарандарды көчөдөн токтотуп алып телефондорун негизсиз аңтарып тинткен учурлар көбөйөт деген кооптонуу айтылып жаткан.

Дагы караңыз

Якутияда шахтерлорду ташыган автобус кулап, үч кыргыз жараны мерт болду УКМК: Ысык-Көлдөгү жогорку окуу жайлардан миңдей студент чыгарылдыСадыр Жапаров Жер кодексин өзгөртүү мыйзамына кол койду Бангладеште машыгуучу учак мектепке кулап, 27 адам набыт болду, 170тен ашыгы жараат алды Илимдер академиясы Кыргызстанда табылган динозаврга "Алпкаракуш" деген ат берди