Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ысык-Көл облусундагы жогорку окуу жайлардан жалпысынан 941 студент чыгарылганын билдирди.
“Студенттердин сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарына баш ийбеген студенттер аныкталды”,-деп айтылат маалыматта.
Тактап айтканда, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен 779 студент, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин гуманитардык-табигый илимдер факультетинен 114 студент, Иса Ахунбаев атындагы Каракол медициналык коллежинен 48 студент окуудан чыгарылды.
Буга чейин УКМК Бишкектеги Борис Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинен 12 студент чыгарылганын билдирген. Бул "кызматынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалганын, айрым студенттер бюджеттик орундарга мыйзамсыз кабыл алынганын маалымдаган. Мунун алдында аталган окуу жайдагы 30дай студент окуу жайдын кабыл алуу процессиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам бир жыл билим алгандан кийин чыгарылып калганын айтып чыгышкан. Университеттин жаңы жетекчилиги алар окууга “мыйзамсыз киргизилгенин" билдирген.
Ушул айдын башында Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттен үч миңге чукул студент окуудан чыгарылып, кылмыш иштери козголгон. Атайын кызмат маалымдагандай, бул студенттер тизмеде болгону менен окууга келген эмес.
Ага чейин атайын кызматтын текшерүүсүнөн кийин Нарын мамлекеттик университетинде, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде дагы ондогон студенттер окуудан чыгарылган жана кылмыш иштери козголгон. Арасында чет өлкөлүк жарандар да болгон.