Өкмөт кризистик борборлорго быйыл 28,6 миллион сом бөлдү

Иллюстрация сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөткөн кризистик борборлорду колдоо, каржылоо көбөйгөнүн билдирди.

Мындай жайларга 2022-жылдан бери жыл сайын 12 миллион сомдон бөлүнүп келсе, быйыл 2025-жылга 28,6 миллион сом каралганын кабарлады.

"Каражат убактылуу баш калкалоочу жайларды камсыздоого, ошондой эле жабыр тарткандарга медициналык, психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүүгө жумшалат. Учурда өлкөдө 16 кризистик борбор, анын ичинде Бишкек жана Нарында эки муниципалдык борбор ("Аязат" жана "Асылзат") иштеп жатат. Аймактардагы 10 борбордо (анын ичинде Бишкек, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Нарын) баш калкалоочу жайлар иштейт, анда жабыркагандар убактылуу баш калкалай алат",-деп жазылган маалыматта.

Жыл башында Жогорку Кеңеште депутат Айсулуу Мамашова өкмөттү зордук-зомбулуктан качкан кыз-келиндер убактылуу баш калкалоочу кризистик борборлорду каржылоону көбөйтүүгө чакырган. Ал мындай жайларды буга чейин АКШнын донорлору каржылап келгенин, Вашингтондун каржылык саясаты өзгөргөндүктөн борборлор колдоосуз калганын айтып чыккан.

Мамашова ошол маалда Бишкекте ачылган мамлекеттик кризистик борбор каражаттын жоктугунан иштебей турганын эскертип, бюджеттен каржы бөлүүнү талап кылган. Депутат кыз-келиндер эң көп зордук-зомбулукка кабылган Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир да кризистик борбор жоктугун белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Өлкөдө соңку учурда аялдар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, үрөй учурган бир канча окуя катталды.

Дагы караңыз

Трамп БАЭдеги ооган качкындарына жардам убада кылды Дин ишмерлери кызамыкка каршы эмдөөдөн өтүүгө үндөөнү күчөтөт Израилдин армиясы Газанын борборун абадан жана жерден аткылай баштады Ош мэриясы "Келечек" базары 31-июлда көчүрүлөрүн билдирдиМонгол президентинин Бишкек сапары: 13 документке кол коюлдуБишкек мэриясы "маалыматтык чабуулга" кабылганына даттанды