Стамбулда орус жана украин делегацияларынын 23-июлдагы толук курамдагы сүйлөшүүсү жарым сааттан ашты. Журналисттер жолугушуунун башында Түркиянын башкы дипломаты Хакан Фидан сүйлөгөн соң калган жабык бөлүгү 30 мүнөттөй болгонун эсептешти.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн 3-айлампасы эң кыска болду, буга чейинки жолугушуулар бир сааттан ашуун убакытка созулган. Бул жолу эки делегациянын башчылары Рустем Умеров менен Владимир Мединский сүйлөшүү алдында өзүнчө жолугушту.
ТАСС маалымат агенттиги эки тарап жарандык жана согуш туткундарын алмашууну макулдашканын кабарлады. Украинанын делегациясы талкууга коюлган темалардын ичинде ок атышууну токтотуу, туткундарды алмашуу жана президенттер Зеленский менен Путиндин жолугушуусу болгонун билдирди.
Киев эки лидердин жолугушуусун августтун аягында өткөрүүнү сунуш кылганын Умеров билдирди. Ал жолугушууга АКШнын жана Түркиянын президенттери катышса болорун белгиледи.
Мединский Украинага согуш тилкесинде сөөктөрдү жана жарадарларды алып кетүү үчүн ок атышууну кыска мөөнөткө токтотуу сунушталганын билдирди. Ал ошондой эле Киев саясий, гуманитардык жана согуштук маселелер боюнча жумуш тобун түзүүнү талкуулоого макул болгонун кошумчалады. Ал эми ок атышууну токтотуу тууралуу меморандум жөнүндөгү суроого эки тарап тең байланышты улантууга макул болгонун айтты.
Шерине