Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Грецияда мекенинде издөө жарыяланган молдовалык олигарх Владимир Плахотнюк кармалды


Владимир Плахотнюк
Владимир Плахотнюк

Грецияда молдовалык олигарх, Демократиялык партиянын мурдагы төрагасы Владимир Плахотнюк кармалды. Бул тууралуу Молдованын полициясынын телеграм-каналы жазды. Маалымат боюнча, аны менен кошо өлкөнүн дагы бир жараны кармалды. Бирок анын аты аталган жок.

Плахотнюк уюшкан кылмыштуу топ түзүү, арам акчаны адалдоо жана көз боемочулукка айыпталууда. Анын ысымы Молдованын ири банкынан 2012-2014-жылдары бир миллиарддан ашуун доллар жок болгон чуулгандуу окуяга байланыштуу аталып жүрдү.

Ишкер парламенттин эки чакырылышынын депутаты болгон. Аны өлкөнүн 2010-жылдардагы эң бай жана таасирдүү адамы деп аташат. Саясий карьерасы 2019-жылы ал кездеги премьер Павел Филиптин өкмөтү кулаганда аяктаган.

Мекенинде үч кылмыш ишине байланыштуу Плахотнюкту кармоо ордери чыгарылган. Орусияда да ал бир нече иш боюнча өтүүдө. Быйыл февралда Интерпол олигархка эл аралык издөө жарыялаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG