Ысык-Көлдө өткөн эл аралык IV "Мейкин Азия" музыкалык фестивалында баш байгени румыниялык ырчы Мария-Диана Стынчуляша алды. Ага сыйлыкты - атайын статуэтканы фестивалдын алгачкы жеңүүчүсү, белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген тапшырды.
Ал эми биринчи орунга кыргызстандык Урмат Сатыбалдиев татыктуу болду.
Экинчи орун үч ырчыга: Беларустун өкүлү Дроб Виталийге, кыргызстандык Кабирге, орусиялык Кира Гоголага берилди.
Үчүнчү орун дагы үч өнөрпозго ыйгарылды: Түндүк Македониядан Полина Тасаева, түркиялык Аса Эже, өзбекстандык Тулкин Тажиев.
Азия менен Европанын 25 өлкөсүнөн келген ырчылар ат салышкан ыр таймашы 22-июлдун кечинде соңуна чыкты.
Финалдык концертте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух сыйлуу конок болушту.
Фестиваль Бактуу-Долонотудагы ипподромдо 20-июлда башталып, 28 аткаруучу күч сынашты. Арасында Франция, Аргентина, Грекия, Хорватия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн келген ырчылар бар. Кыргызстандын атынан үч өкүл катышты. Алар улуттук ырлардан тышкары, дүйнөлүк хиттерди аткарып, сахнада күч сынашты.
Жеңүүчүнү аныктоо үчүн алгач эл аралык калыстар өз ара талкуу өткөрүп, андан соң ар бир калыс өзү мыкты деп эсептеген катышуучуга онлайн добуш берди.
Ошондой эле көрөрмандар дагы “Күйөрмандардын сүймөнчүгү” номинациясында онлайн тандоо жасалды. Бул номинацияда Орусиянын Саха Республикасынан келген Кирилл Матвеев жеңди.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги быйылкы фестивалды өткөрүүгө 20 миллион сом бөлгөн. Баш байгеге 8000 АКШ доллары, биринчи орунга 5000 доллар коюлган.
Фестивалда конок катары Кыргызстандан белгилүү ырчылар, Казакстандан Димаш Кудайберген, Башкырстандан Ay Yola тобу, Орусиядан теги армениялык Севак Хаганян ырдап, үч күн бою көл жээгинде чоң концерт тартууланды.
Фестивалдын соңунда Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын "Эл артисти" сыйлыгы тапшырылды. Димаш бул концертке келип катышканы үчүн сый акы албаганы расмий жарыяланды.
“Мейкин Азия” 2013-жылдан бери өтүп келет. Кыргыз өкмөтү бул иш-чара аркылуу жаш таланттарга эл аралык платформа түзүп, Кыргызстанды маданий бренд катары таанытууну көздөйт.
2013-жылы фестиваль алгач өткөндө баш байгени Димаш Кудайберген жеңип алган. 2015-жылы Бахрейнден келген өнөрпоз Натали Аль-Ганемге уткан.
Фестиваль ар эки жылда өтөт деп пландалганы менен ар кандай себептерден улам сегиз жыл үзгүлтүккө учурады. 2023-жылы гана кайра жанданып, казакстандык Айна Калмаганбетова баш байгени жеңген.
Шерине