Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты дарыгерлери сабалган окуялардан улам бийлик башчыларына кайрылды. Алар айрыкча кол көтөргөн күч органдарынын кызматкерлери жазасыз калып жатканын белгилеп, бийликтен калыс териштирүүнү суранышты. ЮНИСЕФ уюму Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатканын эскертти. Кыргызстан 12 жылдык окутууга өтүп, тиешелүү министрлик ага даярдыктарын дале улантууда.
Кыргызстан
Бишкекте Улуттук госпиталдын эки дарыгери сабалды. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ички ички иштер министрине, УКМК төрагасына кайрылды. Жалал-Абадда Жазаларды аткаруу кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер каза болду. Ал өзүнүн куру менен жылытуу системасынын түтүгүнө асынып алганы айтылууда. Украинанын Днепр, Доброполье шаарларына сокку урулду, Орусиянын Белгород жана Воронеж аймактарына дрондор чабуул жасады. Трамп Киевге узак аралыкка атылуучу Patriot ракеталарын жөнөттү.