Казак-өзбек чек арасында май ташылган жашыруун тоннел табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын бийлиги Өзбекстан менен чек арасында күйүүчү май аткезчилик жол менен ташылган ири тоннел табылганын билдирди.

Финансылык мониторинг агенттиги атайын операциянын негизинде аныкталган тоннелдин узундугу 450 метр болгонун, контрабанда менен атайын топ алектенип келгенин билдирди.

Бул фактыга байланыштуу беш адамга айып тагылды, тергөө аяктап, материалдар сотко өттү.

Казакстанда ушул жылдын март айынан тартып жарым жылга күйүүчү майды экспорттоого тыюу салынган. Мындай чара өлкөнүн ичиндеги таңкыстык маселесин жоюу үчүн жасалганы маалымдалган.

Буга чейин Кыргызстанда дагы кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун товар, акча ташылган бир канча тоннел табылган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров фамилияны тандоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койду Укук коргоочу Рита Карасартованын соту белгисиз мөөнөткө жылды Садыр Жапаров Жер кодексин өзгөртүү мыйзамына кол койду Мамдума интернеттен "экстремисттик" маалымат издөөгө жаза каралган мыйзам кабыл алды Якутияда шахтерлорду ташыган автобус кулап, үч кыргыз жараны мерт болду Бангладеште машыгуучу учак мектепке кулап, 27 адам набыт болду, 170тен ашыгы жараат алды