Өзбекстан: 19 жаштагы кыз жетектеген "ИМ-Хорасан" тобунун түйүнү аныкталды

иллюстративдик сүрөт

Наманган шаарында Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чогуу жүргүзгөн операциясында "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кирген "Вилаят Хорасан" ("ИМ-Хорасан") тобунун жашыруун түйүнү аныкталды. 16 мүчөсү бар түйүндү 19 жаштагы кыз жетектеп турганы белгилүү болду.

Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөндө экстремисттик материалдар, мобилдик байланыш каражаттары,ноутбук, планшет, диний адабият, видео жана аудио материалдар алынганы кабарланды.

Радикал түйүндүн жетекчиси 2022-жылы Стамбулда диний окуудан өткөндөн кийин көз караштары кескин өзгөргөн. Ал Telegram канал ачып, 120дан ашык катталуучуга экстремисттик мазмун тараткан. Атасы кызынын кылганын билип калып, аны менен сүйлөшкөндө ал атасын "каапыр" деп күнөөлөгөнү расмий маалыматта айтылат.

Түйүндүн жетекчисине жана үч активдүү мүчөсүнө кылмыш иши козголуп камалды. Калган мүчөлөрүнүн ишмердигин текшерүү уланууда.

"ИМ-Хорасан" тобу 2015-жылы түзүлгөн, негизинен Ооганстандын аймагында из жашырып жүргөн экстремисттик топ. Соңку жылдары аялдар ооруканасына, төрөт үйүнө жана мектептерге чабуул койгону маалым. 2024-жылы Москванын сыртындагы "Крокус Сити Холлдогу" кандуу чабуул үчүн жоопкерчилик да ушул радикал топко жүктөлгөн.

Дагы караңыз

Борбор Азия портко жол издеп, "Талибан" менен кызматташууда. Пайдасын Кытай көрөбү?Баку менен Ереван Орусиянын таасиринен арылууну көздөйбү?“Миграциялык борборлордо кезек көп”. Кыргыз бийлиги Орусияга кайрылды