Укринанын мурдагы коргоо министри Рустем Умеров Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрук президенттин кеңсесинин сайтына жарыяланды. Ал коргоо министри болуп 2023-жылдын сентябрь айынан тартып иштеп келе жаткан.
Умеров Украинанын АКШдагы элчиси болот деген сөздөр чыккан, бирок 17-июлда бул кызматка Ольга Стефанишина көрсөтүлгөн.
Умеров Стамбулдагы Киев менен Москванын сүйлөшүүлөрүндө украин делегациясын жетектеп барган.
Жаңы коргоо министри болуп министрлер кабинетинин мурдагы башчысы Денис Шмыгаль дайындалды.
Украин парламенти - Жогорку рада 17-июлда Юлия Свириденко жетектеген өкмөттүн жаңы курамын бекиткен. Свириденко буга чейин биринчи вице-премьер жана экономика министринин кызматын аркалап келген.
14-июнда Зеленский Свириденкого өкмөттү жетектеп, анын ишин "олуттуу жаңылоону сунуш кылганын" айткан.