Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

УКМК Бишкектеги оңдолгон жолдордун сапатын, кеткен каражатты текшере баштады


 УКМКнын билдиришинче, былтыр шаардагы жол оңдоого 1,38 миллиард сом кеткен.
УКМКнын билдиришинче, былтыр шаардагы жол оңдоого 1,38 миллиард сом кеткен.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкекте оңдолгон, жаңы салынган жолдордун сапаты, ага кеткен каражат текшерилип жатканын билдирди. Былтыр шаардагы жол оңдоого 1,38 миллиард сом коротулганын, быйылкыга жалпы 5 миллиарддай сом каралганын, мындан улам бул иштер "катуу көзөмөлдү" талап кыларын маалымдады.

"Соңку учурда социалдык тармактарда Бишкектеги жолдорду оңдоодогу мүчүлүштүктөр жана кемчииктер тууралуу билдирүүлөр активдүү тарап жатат. Жол долбоорлорун ишке ашырууда сапат менен ачыктык маанилүү болуп саналат. 2024-жылы шаардын жолдорун оңдоодо 1,38 миллиард сом өздөштүрүлгөн. 2025-жылга бюджеттен 5 миллиард сомго жакын каражат каралган. Бул катуу көзөмөлдү талап кылган ири каржылоо экенин белгилей кетүү керек. УКМК тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп, аткарылган иштердин сапатын, көлөмүн жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерге шайкештигин текшерүү үчүн экспертизаларды дайындады. Анын жыйынтыгы менен мүчүлүштүктөр аныкталып, иштин көлөмүн же наркын ашыра баалоо ырасталса күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартылат",-деп жазылган маалыматта.

Ушул тушта Бишкекте бир катар жолдор оңдолуп жатат. Буга чейин жаңы жасалган жолдордун сапатына байланыштуу дооматтар айтылып келген.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жол-транспорт маселелерине жооп берген орун басары Жамалбек Ырсалиев 16-июлда кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып кармалган. Мэриянын басма сөз кызматы 17-июлда Ырсалиев кызматтан алынып, бул кызмат толугу менен жоюлганын, анын функциясы Траспорт департаментинин башчысына берилгенин билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG