Кыргыз, тажик жана өзбек чек аралары кесилишкен чекит жөнүндөгү келишим ратификациялады

Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев. Кожент шаары.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чек аралары кездешкен чекит тууралуу келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул документти Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган.

"Бул мыйзамдын максаты Кыргызстандын "Эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамдарына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Ушул мыйзам менен 2025-жылдын 31-мартында Кожент шаарында кол коюлган үч мамлекеттин чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо сунушталат",-деп жазылган маалыматта.

Үч өлкөнүн президенттири бул келишимге 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында кол коюшкан. Чек аралары кесилишкен чекитте символикалык стела орнотулган.

Дагы караңыз

Ош милициясы жүзүн жашырган он аялга 20 миң сомдон айып пул салынганын билдирди Жыргалбек Шакиев Бишкектеги Ленин районунун акими кызматынан бошотулдуЗахарова Орусия Семенов-Тян-Шанскийдин айкелине байланыштуу жагдайга көз салып жатканын билдирди УКМК Бишкектеги оңдолгон жолдордун сапатын, кеткен каражатты текшере баштады Фицо Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун колдой турганын айттыБалыкчынын экс-мэрине Соң-Көлдөгү автоээнбаштыгы үчүн айып пул салынды Казакстанда никеге турууга мажбурлагандарга жаза күчөтүлдү Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри кызматынын бошотулду