Украина менен Орусия туткундарды алмашты
Өзбекстан Москвада жарандарынын сабалып, кодуланышына нааразы. Өлкө Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жолдоп, окуяны иликтөөнү талап кылды. Украинанын Харьков шаары кайрадан аткыланып, кеминде үч киши каза тапты. Соңку күндөрдөгү жапырт чабуулдар украин коопсуздук кызматынын орусиялык аэродромдорго каршы атайын операциясына жооп катары каралууда. "Коррупцияга" шектелип кармалган парламенттин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди сот 9-июлга чейин камакка алды. Мунун алдында Оштун экс-мэри Жумадыл Исаков коррупцияга шектелип кармалды.
Чыгарылыштар
-
Июль 17, 2025
Дарыгерлер сабалды, министр жардам сурады
-
Июль 16, 2025
УКМК Бишкектин вице-мэрин суракка алып кетти
-
Июль 15, 2025
Активист Куреновдун камак мөөнөтү эки айга узарды
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
Шерине