Геленжик: Үч мигрантты уранды басып калды
Краснодар крайындагы Геленжик шаарында курулушта үч кыргыз жаранын уранды басып калып, каза тапты. Бир киши ооруканага түштү. Йемендин башкалаасы Санаага сокку урулуп, ал үчүн хуси козголоңчулары АКШны айыптады. Ишембиде хусилер Тел-Авивидеги эл аралык аэропортко ракета аткан. Кыргызстанда соңку эки жылда киберкылмыштар 30% көбөйгөнүн милиция билдирди. Жакында эле жогорку окуу жайдын окутуучусу 80 миң долларын алдатып ийгенин "Азаттыкка" айтып берди.
Чыгарылыштар
-
Июль 17, 2025
Дарыгерлер сабалды, министр жардам сурады
-
Июль 16, 2025
УКМК Бишкектин вице-мэрин суракка алып кетти
-
Июль 15, 2025
Активист Куреновдун камак мөөнөтү эки айга узарды
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
Шерине