Украина: Чернобыл АЭСине дрон тийди, Мүнхен конференциясы башталды
Орусиянын дрон соккусу Чернобыл атомдук электр станциясынын саркофагына же коргоочу калканына тийди. Украинадагы кырдаал жана согушту токтотуу маселеси 14-февралда башталган Мүнхендеги коопсуздук конференциясында талкууланат. Эми “Дордой” базарында соодагерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн базардын администрациясы көзөмөлдөй турган болду. Салык кызматы пилоттук долбоор ийгиликтүү болсо мындай эреже башка базарларга да жайылтыларын билдирди. Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады.Кыргызстанда соңку күндөрү өспүрүмдөр чатакташып, мектептеги чоңсунуудан улам өлүм менен коштолгон бир нече окуя катталды.
Чыгарылыштар
-
Июль 17, 2025
Дарыгерлер сабалды, министр жардам сурады
-
Июль 16, 2025
УКМК Бишкектин вице-мэрин суракка алып кетти
-
Июль 15, 2025
Активист Куреновдун камак мөөнөтү эки айга узарды
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
Шерине