Кыргыз жеринде балдардын эл аралык этнокарнавалы башталды
Бишкекте 14-июлда балдардын “Ысык-Көл досторун чакырат-2017” эл аралык этно- карнавалы башталды. Салтанаттуу жүрүш менен башталган карнавал Ысык-Көлдө уланат. Ага Кыргызстан, Индия, Өзбекстан, Орусия, Казакстандан келген өнөрлүү 550дөн ашык бала катышат. Көл жээгинде балдар бийлөө, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо боюнча сынактарда ат салышат. Быйыл сегизинчи жолу өтүп жаткан карнавалды Билим берүү министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштуруп келет. 13-июлда башталган иш-чара 20-июлда жыйынтыкталат.
Чыгарылыштар
-
Июль 23, 2025
"Бул наам - кыргыздын казакка көрсөткөн сый-урматы"
-
Июль 23, 2025
Казакстан: Дарыгерди сабагандар катуу жазаланат
-
Июль 21, 2025
Стамбулда украин-орус тынчтык сүйлөшүүсү өтөт