ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатат. Эки жылга жакындап бараткан урушту токтотуу боюнча Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Ал арада Израилдин тилкедеги рим-католик чиркөөсүнө урулган соккусун бир катар өлкөлөр айыптады.
Украинанын Днепр шаары соңку түнү жапырт соккуга кабылганын, бир киши каза тапканын өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Доброполье шаарында набыт болгондордун саны үч кишиге жетти. Орусиянын расмий өкүлдөрү Белгород жана Воронеж аймактары украиналык дрондордун чабуулуна туш болгонун билдирди.
Бишкекте Улуттук госпиталдын эки дарыгери сабалды. Жалал-Абадда Жаза аткаруу кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер каза болду. Украинанын Днепр, Доброполье шаарларына сокку урулду, Орусиянын Белгород жана Воронеж аймактарына дрондор чабуул жасады.
16-июнда Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди атайын кызмат суракка алып кетип, кийинчерээк "кызмат абалынан пайдаланган" деген негизде камалганын билдирди. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Бишкектин райондоруна иш сапары бир катар кармоолор менен коштолду.
Сириянын Сувейда чөлкөмүндө армия менен этностук друз азчылыгынын кошуундарынын кармашы жанданды. Ок атышууну токтотуу режими бир нече саатка гана созулду. Сириянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү муну "дин аралык чыр-чатак эмес, мамлекет менен бандиттер ортосундагы жаңжал" деп мүнөздөдү.
Бишкектин Тунгуч районунун тургундары менен жолугушуу учурунда шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди атайын кызмат суракка алып кетти. Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Бишкектеги иш сапары кезектеги кармоолор менен коштолду.
Улуттук госпиталдын ординатору кармалып, сот аны үч күнгө камоо чечимин чыгарды. Камактагы активист Тилекмат Күрөңов 19-сентябрга чейин камакта калды. Трамп Орусияга 50 күндүн эскертүү берди. Кремль Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин билдирди.
Украинадагы согушта олуттуу бурулушка кезек келдиби? Биринчи күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге курал-жарак жиберүүнүн жаңы планын жарыялады. Муну менен катар ал "тынчтык келишимине жетишилбесе, орусиялык импортко 100 пайыздык тарифтер киргизилет" деген шарт койду.
Британиялык Financial Times басылмасынын Кыргызстандагы криптобиржа жөнүндө иликтөөсүнөн кийин эл аралык, жергиликтүү медиаларда талкуу уланууда. Июндун аягында жарыяланган баяндамада айтылгандай, Кыргызстанда катталган аянтча 4 айда рублге байланган санариптик валюта менен 9 млрд доллар айланткан.
Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев 12 күндөн кийин кызматтан алынды. Ал ишке киришкен маалда медиалардын бирине маек берип, адаттан тыш билдирүүлөрү менен талкууларга кабылган. Президент Садыр Жапаров анын жүрүм-турумуна көз салып турарын айткан эле.
Кыргыз-орус славян университетинин (КРСУ) отуздай студенти окуу жайдын кабыл алуу процессиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам бир жыл билим алгандан кийин чыгарылып калганын айтып чыгышты. Улан-кыздар бир-эки жылдык убактысын текке кетиргенин кеп кылып, алапайын таппай турушат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзамга президент кол койду. Эми он күндөн кийин күчүнө кирет.
Дагы жүктөңүз