Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талкууга түштү. Ординатор бейтаптын жакындары сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.
Кыргызстанда кызамык (корь) жугузуп алгандар көбөйүп жатат. Расмий маалыматта быйыл июнга карата 8572 жаңы учур катталды. Оорунун жайылып жатышына эмдөөнүн үзгүлтүккө учурашы, вакцинадан баш тартуу жана ата-энелердин жетишсиз маалыматы себеп экени белгиленди.
2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Изилдөөчүлөр байыркы жылкы тукуму саналган кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда экенин айтууда.
Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапаты начарлап, экологиянын бузулушубу? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек?
Кыргызстанда акыркы 10 жылдыкта шаарлашуунун агымы кескин күчөдү. Элеттеги шаарды көздөй көчкөндөрдүн көбү баш калаа Бишкекке келүүдө. Борбор калаада ири имараттар, турак жайлар борбордун чок ортосунда эле эмес, тегерек-четинде дагы салынууда.
“Кайратмандыгы жана позитивдүү көз карашы менен бардык кыйынчылыкты жеңип, башкаларга шык берет”. Бишкекте өзгөчө балдардын ата-энелери Аман Темирлановду дал ушинтип сыпатташат. Өзү церебралдык шал оорусунан жабыркаган бул жигит борбор калаада балдарды укалаган физиотерапевт дарыгер болуп иштейт.
Борбор Азия өлкөлөрү жүздөгөн аялдын өмүрүн алган жатын моюнчасынын рагын кантип алдын алат? Бул онкологиялык ооруну алдын алуу үчүн папиллома вирусуна каршы эмдөө жасалат. Адамдын папиллома вирусу (HPV) - жыныстык жол менен жуга турган инфекция.
Эмне себептен Кыргызстанда дары-дармек таңкыстыгы жаралды? Айрым препараттардын баасы кескин кымбаттап кетти? "Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна Фармацевтикалык бирикменин аткаруучу директору Алмаз Алтыбаев жооп берди.
Кыргызстанда активисттер омуртка булчуң атрофиясы менен ооруган балдарга каражат чогултуу өнөктүгүн жүргүзүп жатат.
Ноокат районунун тургуну Күмүшай Кыргызбаева айылдагы өзү курактуу апаларды ташыган жалгыз айдоочу. Айыл ичиндеги той-топурга, эл чогулган жерлерге барып-келип турсун деп балдары ага мотоунаа алып беришкен экен.
АКШ Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөткөн өлкөлөрдүн сап башында турат, бирок 20-январда кызматка киришери менен президент Дональд Трамп 90 күнгө тышкы каржылоону токтотуу чечимин кабыл алганы тынчсызданууну жаратууда.
Дагы жүктөңүз