Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты аталган оорукананын дарыгерлери сабалган окуяларга байланыштуу бийлик башчыларына видео кайрылуу жолдошту.
Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талкууга түштү. Ординатор бейтаптын жакындары сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.
Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору ага бейтаптын жакындары кол салып, ооруканага түшкөнүн билдирди. Медиктердин кесиптик уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова дарыгер “тоскоол болбогула” деп суранганда, бейтаптын атасы кол көтөргөнүн айтты.
Мигранттарды телефон аркылуу көзөмөлдөй турган атайын программа иштелип жатканын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдирди. Юристтер бул чаралар жеке маалыматты коргоо боюнча мыйзамга каршы келерин эскертүүдө.
Орусияда балдары орус тилинен сынактан өтпөгөн мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөдөн чыгаруу сунушу талкууланууда. Кыргызстан балдарды онлайн окутуу жолун караштырууда.
Мектеп жашындагы баласы орус тили боюнча сынак тапшыра албай калган мигранттын бүлөсүн Орусиядан чыгаруу боюнча сунуш Мамдуманын профилдик комитетинде талкууланып жатканын бир катар орусиялык агенттиктер жазды. Орусиядагы кыргыз мигранттары балдарын мектепке киргизе албай даттанып келишет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын кыргыз жарандары үчүн иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартуу боюнча чечимин бир тараптуу жана алдын ала эскертүүсүз кабыл алынган деп билдирди.
Кыргызстандын ТИМи АКШ өкмөтүнүн иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскартуу боюнча чечимин "бир тараптуу жана алдын ала эскертүүсүз кабыл алынды" деп сыпаттады. Расмий Вашингтон мындай чечим президент Трамптын атайын буйругуна ылайык кабыл алынганын белгилеген.
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков Жогорку Кенештин тармактуу комитетинде майыптыгы бар балдар жөнүндө билдирүү жасап, анын айткандары коомдо талаш- талкууга алынды. Эмне үчүн депутаттын билдирүүсү мындай реакция жаратты?
Кыргызстандын бир катар аймактарында милиция никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аалымдар кеңеши шариятта никаб парз эмес экенин айтса, укук коргоо органдары жүзүн ачып жүрүү боюнча талаптар коомдук коопсуздукту сактоо максатында киргизилгенин билдирди.
Орусиядагы ондогон кыргыз мигранты “Азаттыкка” кайрылып, документи жайында болгонуна карабастан банк карталары бөгөттөлгөнүн билдиришти. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кыргыз мигранттарына документтерин иреттөөгө кошумча убакыт берүүнү суранды.
Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразылар 1-апрелде Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада акцияга чыгышты.
Султанбай Айжигитов аны Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан Боршайкомдун чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылды. БШК өткөн аптада Айжигитов 2021-жылы депутаттыкка талапкер болуп катталганда шайлоо мыйзамын бузган деп тапкан.
Кыргызстанда жемкорлуктан улам бир окуу жайдан дароо 153 студент айдалып, эки окутуучу иштен алынган окуя талкууга түшүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
Бишкек шаар башкармалыгы Чыңгыз Айтматов көчөсүн кеңейтүү аракетин көрүүдө. Ал үчүн жол боюнда жайгашкан 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгү сүрдүрүлөрү айтылды. Киргизия конушунун тургундары "кызыл китепте" көрсөтүлгөн чектен чыкпаганын жүйө келтирип, жеке менчик укугу бузулуп жатканын айтууда.
Кыргызстанда ажырашып, бирок балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 60 миңге чамалайт. Сот департаменитинин маалыматы боюнча 59 миңден ашык иш ачык турат. Өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт. Жогорку Кеңеш алимент төлөбөгөндөрдүн жоопкерчилигин кароону сунуштап келет.
Кыргызстандын медиа аракет платформасы жарандык позициясы үчүн камалган журналист боюнча тынчсыздануусун билдирип, бийлик өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоду. Социалдык тармактагы пикири үчүн кармалган эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова 19-майга чейин камалды.
Бишкектин бийлиги жолду кеңейтүү деген жүйө менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан айрым үйлөрдүн жерин кескени жатат. Мэрия жол жээгиндеги үйлөр "кызыл сызыктан" чыгып кеткенин билдирүүдө. Тургундар мэриянын аракетин "мыйзамсыз" деп атап, менчик укугу бузулуп жатканына нааразы.
Бишкек шаар бийлиги жолду кеңейтүү деген жүйө менен Чынгыз Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан үйлөрдүн жерлерин кескени жатат. Мэрия жол жээгиндегит үйлөр кызыл сызыктан чыгып кеткенин белгиледи. Тургундар мэриянын иш-аракетин мыйзамсыз деп атап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирүүдө.
Кыргызстанда мектептеги жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жаңы стандарты кабыл алынды. Жаңы саясатка ылайык, мектепте 12 жылдык окутуу системасы болот.
Дагы жүктөңүз