Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында беларус элин колдогон акция өттү. Он чакты адам катышкан жыйынды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму уюштурду. Алар Беларуста тынч акцияларга чыккандарды куугунтуктап, камакка алууну токтотууну талап кылышты.
Ира Чоткараева - Боом капчыгайына кире бериштеги айтылуу “Апамдын сүт чайы” же “Апамдын каттамасы” деген брендди баштоочулардын бири. Ал бала-чакасы менен ушул жактан нан таап жегенине 15 жылдын жүзү болду.
25-августка караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышты.
Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, Cудья райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турган болду.
4-октябрдагы парламенттик шайлоого бараткан «Мекенчил» саясий партиясы 13-августта кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды.
Эл аралык каттамдар токтоп, чек аралардын жабылышы "Дордой" базарынын соодасына терс таасирин тийгизүүдө.
Нарын облустук соту 4-августта аялын ур-тепкиге алып өлтүргөн эркекти он жылга кескен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 2019-жылдын 31-декабрында Кочкор районунун тургуну, төрт баланын энеси күйөөсүнүн таягынан каза болгон.
“Азаттык” радиосу коронавирустан көз жумган кыргызстандыктарды эскерүүсүн улантат. Бул жолку өпкөсү кагынып каза болгон “Түндүк электро” ишканасынын кызматкери Жайлообай Орозалиев жөнүндө сөз болот. Маркум тирүү болгондо 3-августта 54 жашка чыкмак. Анын артында жубайы, үч кызы жана бир уулу калды.
Баткендеги Ак-Турпак айыл аймагы жайгашкан Бүргөндү массивинде 9 миң гектар дың жерди өздөштүрүү аракети башталды. Келечекте бул жерге түшө турган эки шаарчанын курулуш долбоору да даяр.
Мусулмандар үчүн негизги майрам болуп саналган Курман айт коронавирус пандемиясы күчөгөн маалга туш келди. Ал быйыл ажылык токтогон, айт намаз окууга тыюу салынган жана башка чектөөлөр киргизилген шартта өтүп жатат.
COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар дарыланган “кызыл зонада” иштеген дарыгерлер кандай оор кырдаалда эмгектенип жатышканын айтып беришти.
Чүйдө пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүү үч адам кармалды.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Бактыгүл Дөнөнбаева соцтармактарга кайнатасы тууралуу блог чыгарат.
Демилгелүү жаштар борборунун ыктыярчылары кайрымдуулуктан чогулган акчага кычкылтек концентраторун сатып алып, абалы оорлошкон бейтаптарга жардам беришүүдө.
Коронавируска байланыштуу кырдаал курчугандан бери республикалык өлүккананын алдында адамдар көбөйдү.
Түп районуна караштуу Арал айылынын тургуну, медайым Чынар Турускелдиева 54 жашында ооруканада көз жумду. 33 жылдан бери Арал айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеп келген медайым беш айылдагы жалгыз фельдшер болчу.
Талас облусуна коронавирус илдети кеч жетти. Көптөр буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырааттуу иши себеп болгонун белгилешет.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиеванын сөөгү 7-июлда Бишкектин «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнатына туугандары, кесиптештери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, саясий илимд
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө пандемия маалында улуу муун өкүлдөрүнө кантип кам көрүп, кандай мамилеге жасоого сереп салдык.
Дагы жүктөңүз