Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Былтыр Тажикстандын Согд облусунда эле чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен 39 кыргызстандык соттолгон. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө убактылуу уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.
Москва Украинанын айланасындагы айрым аскердик күчтөрүн артка кайтарып жатканын билдиргени менен НАТО буга ынанбай турат. Акыркы убакта Орусияда кабыл алынган мыйзамдарга ылайык мигранттарга коюлган талап-шарттар катаалдашып кетти.
Травматология жана ортопедия илимий борборунун директорлугуна Памир Муратов дайындалганы белгилүү болду.
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга иш сапары башталды.
Бишкек шаардык соту “бийликти күч менен басып алууга” шек саналып, камакта жаткан саясатчы Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевди үй камагына чыгарды.
Президент Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болду.
Жогорку Кеңештин комитети иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши тууралуу Ички иштер министрлигинин маалыматын укту.
Бишкек мэриясы шаардын таштанды төгүлгөн жайында рекультивация иштерин өз алдынча баштады.
27-28-январда тутанган чек ара чырына байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик өкүлдөрү жолугуп, ок атышууну токтотуп, аскер техникалары менен жоокерлерди артка кайтаруу чечимин кабыл алышты.Орусия АКШдан Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча канааттандырарлык жооп албаганын билдирди.
Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан жаңжалда курал колдонулуп, эки тараптан кеминде 20дан ашык киши жараат алды. Чек ара чырына байланыштуу Баткен, Лейлек райондорунун 11 миңден ашуун тургуну эвакуацияланды.
“Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду. Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Президент Садыр Жапаров парламенттин комитети колдобой койгон Идрис Кадыркуловду Украинага элчиликке дайындады. Кыргызстанда акыркы саясий окуяларга байланыштуу социалдык тармактарда туура эмес маалыматтарды тараткан фейк аккаунттардын маселеси күн тартибине чыкты.
Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесинде авария болуп, Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда электр кубаты жапырт өчтү.
“Бүгүн Азаттыкта” жаңылыктар программасынын атайын чыгарылышы. Быйыл президенттик шайлоо өтүп Садыр Жапаров өлкө башына келди. Ал ортодо Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып 36 кыргызстандык курман болду. Дагы бир урунттуу окуя, өкмөт май айында Кумтөр кенин колго алып ошондон бери өзү иштет
Жаңы ишке киришкен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 30-декабрдагы отурумунда парламенттин жаңы түзүмүн кворумдун жоктугунан беките алган жок.
Бүгүн- 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, өз ишин баштады.
Жогорку сот “Альянс” партиясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) гендердик квотага байланыштуу чырына чекит койду. Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногуна 70 миллион долларга чукул каражат сатты. Кабулда аялдардын укуктарын чектөөгө каршы акцияда ок атылды.
- Көзөмөл кассалык аппаратын киргизүүгө каршы ишкерлердин нааразылык акциясы токтой элек. Алар өкмөт үйүнүн алдына 27-декабрда да митингге чыгып, Салык кодексинин жаңы редакциясын артка чакыртып алууну талап кылышты.
Дагы жүктөңүз