Украина менен Орусиянын делегациялары быйыл сүйлөшүүлөр жандангандан бери ушуну менен үчүнчү жолу кездешти.
ТАСС маалымат агенттиги эки тарап жарандык жана согуш туткундарын алмашууну макулдашканын кабарлады. Украинанын делегациясы талкууга коюлган темалардын ичинде ок атышууну токтотуу, туткундарды алмашуу жана президенттер Зеленский менен Путиндин жолугушуусу каралганын билдирди.
Киев эки лидердин жолугушуусун августтун аягында өткөрүүнү сунуш кылганын Умеров билдирди. Ал жолугушууга АКШнын жана Түркиянын президенттери катышса болорун белгиледи.
Мединский Украинага согуш тилкесинде сөөктөрдү жана жарадарларды алып кетүү үчүн кыска мөөнөттүк ок атышууну токтотуу сунушталганын билдирди. Ал ошондой эле Киев саясий, гуманитардык жана согуштук маселелер боюнча жумушчу тобун түзүүнү талкуулоого макул болгонун кошумчалады. Ал эми ок атышууну токтотуу тууралуу меморандум тууралуу суроого эки тарап тең байланышты улантууга макул болгонун айтты.
Киев жана Москванын делегациялары
Украин президенти Владимир Зеленский Стамбулга бара турган 14 кишиден турган делегациянын курамын бекитип, аны Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров жетектерин жарыялаган.
Украинанын делегациясы Стамбулда шаршембинин кечинде Орусия менен сүйлөшүү жүргүзөр алдында Түркиянын расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүү үчүн Анкарага барганын Reuters маалымат агенттиги украин тараптагы булактарына таянып жазды.
Буга чейин Зеленский Киев менен Москванын түз сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы Стамбулда 23-июлга белгиленгенин билдирген. Орусиялык басылмалар дагы жолугушуу шаршембинин кечинде өтүшү ыктымалдыгын жазышты.
Тараптар бул жолу дагы "туткундарын айырбаштоо, жарандык инфраструктура жана чек ара аймагындагы коопсуздук" өңдүү чектелген маселелерди талкуулайт деп болжолдонуп жатат.
"Негизги максатыбыз ок атууну токтотууга жетишүү. Бүтүндөй дүйнө муну Орусиядан талап кылып жатат. Тынчтык орнотууну жакындатуу үчүн лидерлердин саммитин уюштурууга да артыкчылык берүү зарыл. Украина эч качан урушту каалаган эмес, Орусия өзү баштаган согушка чекит коюшу керек. Бизге жардам берип келаткан өнөктөштөргө ыраазымын. Биздин делегацияга зарыл болгон деталдарды эске алууга кудуреттүү адамдар кирет", - деди украин президенти.
Зеленский ок атууну токтотууну эки өлкөнүн лидерлери гана макулдаша аларын айтканы менен Орусиянын президенти Владимир Путин андай мүмкүнчүлүктөн ачык болбосо да баш тартып келатат.
AP агенттиги сөзгө тарткан украиналык саясий аналитик Олег Саакян сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасынан олуттуу бир жыйынтык чыгарынан күмөн санайт:
"Орусиянын Стамбулга жөнөгөн делегациясында реалдуу чечим кабыл алчу кишилер жок. Бул формат сүйлөшүүлөрдүн имитациясы. Орусия мындан да катаал санкцияларга туш болбош үчүн өзүн конструктивдүү кылып көрсөткүсү келет, муну менен убакытты создуктуруп, убакыт жагынан утуп жатат. Украина жолугушууга барууга аргасыз, анткени ал жакта туткундарды, курман болгон аскерлердин сөөгүн айырбаштоо жөнүндө макулдашылат. Ички саясий жана адамгерчилик жагынан бул абдан маанилүү. Экинчиден, Трамптын байкоо салганын эстен чыгарбоо зарыл. Ал ыңгайы келгенде “алардын бардыгы бирдей" деп, жоопкерчиликти агрессорго гана эмес жапа чеккен тарапка да оодарышы мүмкүн".
Орусиянын делегациясын буга чейинкидей эле Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.
Кремль болсо "атайын аскердик операция" деп атап жүргөн согуштун өтөлүнө чыгуу максатынан баш тартпасын айтып келет.
"Сүйлөшүүдө керемет бир алга жылуу болот деп күтүүгө негиз жок. Азыркы шартта андай жыйынтык мүмкүн эмес го. Биз өз таламыбызды талашууну көздөйбүз. Өз кызыкчылыктарыбызды камсыздап, эң башынан коюп келген максаттарга жетүүгө дилгирбиз", - деп билдирди 23-июлда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Ал эми тынчтык орнотуунун болжолдуу мөөнөтүү тууралуу суроого жооп берип жатып Москванын өкүлү "жогорку деңгээлдеги кездешүүнүн ыктымалдыгын сөз кылуу үчүн көптөгөн иш жасалышы керек" деп айтты.
Орусия 2014-жылдан бери ээлеп алган аймактардан украин аскерлеринин чыгып кетишин талап кылууда. Киев бул талапты четке кагып жатат.
14-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскерткен.
Ошентип, Украинанын жана Орусиянын делегацияларынын кезектеги бетме-бет жолугушуусу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп эгер Москва сентябрь айы башталганга чейин Киев менен мунасага келишпесе Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизилерин айтып шарт койгондон берки сүйлөшүүлөрдүн кезектеги (үчүнчү) айлампасы болот. Биринчи жолугушуу 16-майда өткөн.
Украин жана орус делегацияларынын Түркияда уюштурулуп келаткан алгачкы эки отуруму 1-2 сааттан ашкан эмес, бул жолугушуулардын натыйжасында Европадагы 1945-жылдан берки бул эң ири согушта курман болгон айрым аскерлердин сөөгүн жана туткунга алынгандардын бир тобун бири-бирине өткөрүп берүү гана макулдашылган. Бирок кеңири масштабдуу тынчтык келишими турсун, эч болбогондо атышууну токтото туруу жөнүндө да кеп болгон эмес, мындайга орус тарап каршы.
Дагы караңыз Трамптын 50 күндүк эскертүүсү. Путиндин жообу кандай болот?Эки тарап өз позицияларын жазып, бири-бирине тапшырган меморандумда да аймактык бүтүндүктөн тартып коопсуздукка чейинки негизги маселелер боюнча кыйла карама-каршылык болгон. 21-июлда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн позициялары дагы деле "таптакыр карама-каршы" экенин айтты.
Кезектеги сүйлөшүүлөрдөн да, талдоочулардын пикиринде, үмүт аз.
"Туткундагыларды айырбаштоо сыяктуу ыктымал келишимден тышкары эч нерсе деле кабыл алынбайт го деп боолгоп жатам. Киев же Москва өзүлөрүнүн негизги позицияларын өзгөрткөндөй боло элек", - деди Эл аралык мамилелер боюнча европалык кеңеш (ECFR) уюмунун улук илимий кызматкери Кадри Лийк.
"Саясий оюн"
"Киев да, Москва да Украинага курал-жарак бербесе да, аны сатууга даярдыгын билдирип, 50 күндүк мөөнөт койгон АКШга өз ара сүйлөшүүлөргө даяр экенин (кандайдыр бир тоскоолдук жаралса бул үчүн бирин бири айыптап) көрсөтүүгө аракет кылып жатышат, — деген ою менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Эл аралык кризистик топ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын директору Ольга Оликер бөлүштү.
Лондондогу Kings Russia институтунун профессору, Европалык саясат талдоо борборунун демократиялык туруктуулук маселелери боюнча директору Сэм Грин да ушундай эле көз карашта:
"Менимче, ачык айтканда, Трамптын администрациясынын бул процесстеги тигил же бул көз карашынын жана тараптардын бири да анын жакшы ниети деп атап жаткан мамилесинен ажырап калбоо аракетинин айланасында саясий оюн жүрүп жатат".
Украинадагы согушту быйыл январь айында президенттик кызматка киришкенден кийин бир-эки күн ичинде токтото аларын айтып келген Трамп соңку айларда Зеленскийди бир нече жолу сындап, тынчтыкка карай жол салынбай жатканы үчүн Киевди күнөөлөп келген болсо, акыркы апталарда Орусия президенти Владимир Путинди айыптай баштады.
Дагы караңыз "Абадан коргонуу тармагы колдоосуз калат". Украиналыктар АКШ курал бербейт деген кабарга кабатырАл Орусиянын Украинанын шаар-кыштактарына жасаган соңку жапырт аба соккуларынан улам нааразылыгын билдирип, Москваны тынчтыкка карай жолдогу тоскоолдук деп атаган.
"Украин тарапка мына ушундай абалдын улана бериши жагып жаткандай. Себеби алар "Мына, биз орустар менен сүйлөшүүгө даярбыз, бирок маселе ошолордо болуп жатпайбы. Президент Трамп, сиздин алардан көңүлүңүз калып жатканы туура эле" деп айтканына ыңгайлуу болууда", - деп эсептейт Грин.
Оликердин пикиринде, Зеленский делегациялардын сүйлөшүүлөрү анын Путиндин өзү менен жолугушуусуна негиз болушу керек дегендей аракет көрүп жаткан чыгар. Белгилүү болгондой, май айындагы алгачкы сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Зеленский барып, Путин барган эмес.
"Колдон чыгып бараткан мүмкүнчүлүктөр"
Бирок бул жерде дагы бир жагдай бар — Путин сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай, уланта беримиш болуп, буга чейинки жетишкенинен да көбүрөөк ала аларына же жоготууларын азайтууга үмүттөтүп жатышы да мүмкүн.
"Орус тараптан согушту басуу турсун чабуулдарын токтотуу ниети таптакыр жоктой көрүнөт. Бирок алар Трамптын администрациясы сүйлөшүү процессинен толук чыгып кетишине да кызыкдар эмес. Ошондуктан алар эч болбогондо диалогго даяр болгудай түр көрсөтүүгө аргасыз. Антпесе Киев тарапты көздөй оогон мамиле калыптанары анык", — дейт Грин.
Ал эми Оликердин пикиринде, жалпысынан алып караганда Киев алсызыраак позицияда тургандай — Орусия жайыраак болсо да алдыга жылууда, АКШнын колдоосу так анык эмес болуп турат, башка өнөктөштө жардамын мындан ары да улантуу аракетин көрүп жатышат, бирок Кремль да өзү экономикалык жана саясий жактан кандай абалда турганын жакшы түшүнүп турат, анын үстүнө Украинанын европалык өнөктөштөрү анын багынып калышына жол бербей турганын жакшы эле көрсөтө алышты:
Дагы караңыз Стамбул сүйлөшүүсү: Киев Москвадан украин балдарды кайтарууну талап кылды"Москва АКШнын Украинага курал-жаракты кайсы бир баага сатуу жолу менен болсо да берип туруу ниетин Трамптын администрациясы Украина тарапты көздөй көбүрөөк ыктагандыгынын белгиси катары кабыл алышы мүмкүн. Вашингтондун мындай мамилесинен улам Киевде көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот жана Кремль америкалык санкциялардан кооптонобу, жокпу, АКШ менен сүйлөшүп, бир пикирге келүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт".
Мындай шартта Москва "АКШнын пикири өзгөрөт, Трамп күнөөнүн кайсы бири болсо да Киевге оодарат, Украинага көбүрөөк курал-жарак жөнөтүү планын кайра карап чыгат жана сентябрда санкция жарыялоо оюнан кайтат" деп үмүттөнө гана алат.
8-июлда Трамп Путинге нааразы пикирин билдирип, бир апта соң 50 күндүк мөөнөт тууралуу шарт койгон жана Украинага Европа аркылуу Patriot батареяларынан жана башка курал-жарактан көбүрөөк жөнөтүү планы бар экенин айтып, Орусияга өтө нааразылыгын билдирген, ал тынчтыкка карай жолдогу тоскоолдук болуп жатканын белгилеген.
Ошону менен катар Трамп тынчтык келишимине 50 күн ичинде жетишүү тууралуу шартын коюу менен Украинага да таасир көрсөтүү үмүтү бар экенин айткан:
"Алар өзүн дароо күчтүү сезип, балким, келишимге барбай коюшу да ыктымал. Бул өтө татаал маселе".
Кандай болгон күндө да Трамптын Орусиядан үмүтү акталары тууралуу азырынча олуттуу белгилер жок.
Путин коңшу өлкөгө каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылы февраль айында баштаган.
Дагы караңыз Трамп согуштарды токтотууга сөз берди