Якутияда шахтерлорду ташыган автобус кулап, үч кыргыз жараны мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Якутияда шахтерлорду ташып бараткан автобус жардан кулап, 13 адам, анын ичинде үч кыргызстандык мерт болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдиришинче, окуя 21-июлга караган түнү Нерюнгри районунда болгон. “Чыгыш Денисовкий” шахтасынын жумушчуларын ташып бараткан автобус кырсыктаган.

"Набыт болгондордун арасында кыргызстандык 44, 34 жана 25 жаштагы жарандар болгону аныкталды. Алардын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө аракеттер көрүлүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Якутиядан жергиликтүү басылмалар автобуста 33 адам болгонун, эки адам оор абалда экенин, набыт болгондордун арасында айдоочу дагы бар экенин жазышты. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, Нерюнгри районунда 22-июлда аза күтүү күнү жарыяланды.

ТИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Дагы караңыз

Бангладеште машыгуучу учак мектепке кулап, 27 адам набыт болду, 170тен ашыгы жараат алды Илимдер академиясы Кыргызстанда табылган динозаврга "Алпкаракуш" деген ат берди Орусиянын соккусунан Краматорскиде 10 жаштагы бала мерт болдуИзраилдин армиясы Газанын борборун абадан жана жерден аткылай баштады УКМК: Ысык-Көлдөгү жогорку окуу жайлардан миңдей студент чыгарылдыИнтернет аркылуу шылуундук кылууга каршы жобо камтылган мыйзамга кол коюлду Өкмөт кризистик борборлорго быйыл 28,6 миллион сом бөлдүЗеленский украин-орус сүйлөшүүлөрү 23-июлга белгиленгенин билдирди Трамп БАЭдеги ооган качкындарына жардам убада кылды Ош мэриясы "Келечек" базары 31-июлда көчүрүлөрүн билдирдиМонгол президентинин Бишкек сапары: 13 документке кол коюлду