Орусиянын армиясы 22-июлга караган түнү дагы Украинанын бир катар аймактарына, анын ичинде Краматроск, Славянск, Одесса, Сумы жана Херсонго сокку урду.
Донецк облусуна караштуу Краматорск шаарындагы чабуулда башкарылган авиабомба көп кабаттуу үйгө тийди. Натыйжада он жаштагы бала набыт болуп, кеминде беш адам жараат алды. Бул тууралуу шаардык аскердик администрациянын башчысы Александр Гончаренко кабарлады.
Славянск шаарынын мэри Вадим Лях көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар, бала бакча, административдик имараттар жабыркаганын маалымдады. Соккулардан кеминде беш киши жараат алганы айтылды.
Сумыда авиачабуулдан көп кабаттуу беш үй, 18 машина жана бир соода борбору жабыркады, үч адам, анын ичинде бир бала жараат алганы кабарланды.
Маалыматтарга караганда, Одесса менен Херсондо дагы жараат алгандар болду, кыйроолор бар.
Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.